Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги III сессиясы
2025-жылдын 4-февралы №34
«,,Имерилиш” участкасындагы жайыт жерлеринин багытын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө»
Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин айыл чарба комитетинин туруктуу комиссиясынын 03.02.2025-жылдын №2 протоколдук сунушун, айыл өкмөт башчысыБ.Т. Багымбаевдин баяндамасын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын ,,Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 29-беренесинин 9-пунктуна таянып, Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин
IX- чакырылышынын кезектеги III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ,,Имерилиш” участкасындагы №2979 контурундагы жалпы аянты 9.80га жайыт жеринин ичинен 0.15 га жайыт жери ,, өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер”
багытын которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. ,,Имерилиш” учаскасындагы жайыт жерлеринин багытын өзгөтүү боюнча кабыл алынган токтом, Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын алдында түзүлгөн комиссияга сунушталсын.
3. Бул токтомду аткарылышы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иш алып баруу жагы Б. Т. Багымбаевге милдетендирилсин.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы айыл чарба комитетинин төрагасы К.К.Токтогазиевге тапшырылсын.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
6. Бул токтом www. Ketmen-dobo.gov.kg веб-сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Айылдык кеңештин төрагасы |
А.С.Алишеров |