Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 3-сентябры № 557
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун Датка айыл аймагында жайгашкан жер тилкесин "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун Датка айыл аймагына көп батирлүү турак үйлөрдү куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесине, "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин экинчи бөлүгүнүн 12-1-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-апрелиндеги № 323-т тескемесин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2025-жылдын 30-апрелиндеги № 01-39/1617 корутундусун жана Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 28-апрелиндеги № 64 токтомун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун Датка айыл аймагындагы № 213 контурда жайгашкан, мамлекеттик менчикте турган, жалпы аянты 2,50 га сугат айдоо жер тилкеси көп батирлүү турак үйлөрдү куруу үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которулсун (трансформациялансын).
2. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
1) жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
2) Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү мыйзамдарына жана "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесинин шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
3) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесинин аянтын калыбына келтирүүнү, асылдуулугу төмөн жерлерге талдоо жүргүзүүнү жана аларды айыл чарба жүгүртүүсүнө киргизүүнү;
4) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесин максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;
5) жамгырдын жана эриген кардын сууларын чыгаруу системасын коопсуз эксплуатациялоону, ошондой эле башкы планда каралган жер титирөөгө каршы иш-чараларга мониторинг жүргүзүүнү жана тиешелүү аймактагы кооптуу жаратылыш процесстерине жана кубулуштарына аларды божомолдоо боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу менен контролдоо жүргүзүүнү;
6) жергиликтүү бюджеттин, жергиликтүү коомчулуктун жана жер тилкелеринин менчик ээлеринин каражаттарынын эсебинен аймактын инфраструктурасынын, жашоо-тиричиликти камсыз кылуу системасынын иштешин жана өнүгүшүн, социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү уюштурууну;
7) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесинде тарыхый-маданий мурас объекттери табылган учурда Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө мыйзамдарына ылайык аларды сактоону;
8) Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарында белгиленген ченемдерге ылайык айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайдасынын ордун толтуруу наркынын суммасын төлөөнү.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 9-сентябрындагы № 68 (3724) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |