Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХIII шайланышынын)
кезектеги чакырылган I сессиясы
2024-жылдын 28-наябрындагы №2
Тогуз-Торо айылдык кенешинин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүн
Эсептөө комиссиясынын 28.11.2024-жылдагы №3/1-протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эсептөө комиссиясынын Тогуз-Торо айылдык кеңештин төрагасын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын №3/1-протоколу бекитилсин.
2. Тогуз-Тороайылдык кеңештин төрагасынын орун басары болуп Эгембердиева Таалайбүбү Сатыбалдиевна шайланлангандыгы таанылсын.
3.Токтомду каттоодон ѳткѳрүү жана Тогуз-Торо айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялоо жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы У.Арыкмолдоевага тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмдүн жоопкерчилигиме калтырамын.
Тогуз-Торо айылдык кенешинин төрагасы | У.Токтожумаев
|
Тогуз-Торо айылдык кенештин төрагасынын орун басарын шайлоо боюнча Эсептөө комиссиясынын №3/1-протоколу
28.11.2024-жыл Казарман айылы
Катышышты: АШКнын төрайымы С.Т.Моңолова, АШКнын катчысы Ч.К.Атыканова, Тогуз-Торо айылдык кенешинин катчысы У.Арыкмолдоева жана Тогуз-Торо айылдык кенешинин депутаттары
Эсептөө комиссиясынын төрагасы: Эркинбаев АнарбекБолотканович
Эсептөө комиссиясынын катчысы:Бейшенбек уулу Нурсултан
Эсептөө комиссиясынын мүчөсү: Атанаева Айпери Атайбековна
Күн тартиби:
1.Тогуз-Торо айылдык кенештин төрагасынын орун басарын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө
Эсептөө комиссиясынын төрагасы Эркинбаев Анарбек Болотканович Тогуз-Торо айылдык кенештин төрагасынын орун басарын шайлоо, добуш берүүнүн тартиби, бекитилген шайлоо бюллетенинин формасы менен тааныштырды.
Тогуз-Тороайылдык кенештин төрагасынын орун басары кызматына төмөндөгү талапкерлер сунушталган:
1.Эгембердиева Таалайбүбү Сатыбалдиевна
Тогуз-Торо айылдык кенештин төрагасынын орун басарын шайлоонун жыйынтыгы боюнча,эсептөө комиссиясы аныктады:
1. Тогуз-Торо айылдык кенештин депутаттарынын жалпы саны 11 (он бир)
2.Даярдалган шайлоо бюллетендеринин саны 11 (он бир)
3.Добуш берүүгө катышышкан депутаттардын саны 11 (он бир)
4.Депутаттарга берилген шайлоо бюллетендердин саны 11 (он бир)
5. Пайдаланылбаган шайлоо бюллетендердин саны: жок
6. Добуш берүү учүн урнадан чыгарылган шайлоо бюллетендердин саны 11 (он бир)
7. Жарактуу шайлоо бюллетендердин саны 11 (он бир)
8.Жараксыз шайлоо бюллетендердин саны: жок
Талапкерлердин пайдасына берилген добуштардын саны
1. Эгембердиева Таалайбүбү Сатыбалдиевна -11 (он бир) добуш.
Тогуз-Торо айылдык кенешинин төрагасынын орун басары кызматына ар бир талапкер боюнча шайлоонун жыйынтыгы аныкталды, ушуга ылайык эсептөө комиссиясы
чечти:
1. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Эгембердиева Таалайбүбү Сатыбалдиевна депутаттардын көпчүлүк добушун алгандыктан Тогуз-Торо айылдык кенештин төрагасынын орун басары болуп шайлангандыгы таанылсын.
2. Бул протокол Тогуз-Торо айылдык кенештин сессиясына бекитүү үчүн жиберилсин.
Эсептөө комиссиясынын төрагасы: |
Эркинбаев А |
Эсептөө комиссиясынын катчысы: |
Бейшенбек уулу Н |