Редакцияот 07.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ

Төрт-Гүл айылдык кеңешинин I – чакырыгынын  иреттеги ачык VII сессиясынын

  

2025-жылдын 7-августундагы  № 47-1

 

Муниципалдык жер участокторун сатууга макулдук берүү жөнүндө

 

Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Байсульдаев Ж.Анын маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине, Төрт-Гүл айылдык кеңешинин 2024-жылдын 7-декабрындагы №4-1 токтому менен бекитилген айылдык кеңештин Регламентинин 2-бөлүгүнө ылайык жана Төрт-Гүл айылдык кеңешинин 2025-жылдын 1-августундагы №5 биргелешкен бюджеттик жана жер маселелери боюнча комиссиясынын жыйынынын негизинде,

Төрт-Гүл айылдык кенеши

 

ТОКТОМ  ЧЫГАРАТ:

  1. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө муниципалдык жер участокторун сатууга макулдук берилсин.

№

Жер участогунун жайгашкан жери

Аянты

Идентификациялык номери

1

Петровка а. Советская көч. 162б

1000м2

7-06-05-0002-1149

2

Петровка а. Советская көч. 162а

1000м2

7-06-05-0002-1148

3

Петровка а. Центральная көч. 349а

2086м2

7-06-05-0001-1025

4

Петровка а. Центральная көч. 510а

598м2

7-06-05-0001-1026

5

Петровка а. Ленина көч. 2к

1700м2

7-06-05-0002-1152

  1. Төрт-Гүл айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына   ылайык аукцион өткөрсүн.
  2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.А. Байсулдаевге жүктөлсүн.

 

Төрага

 

 Ж.К. Маматкеримов