Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 16-августундагы 20-3
Кеңеш айыл аймагына караштуу жайытка жана айыл чарбасына тиешелүү жер участокторун “Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынан “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө
Кеңеш айыл аймагына караштуу жайытка жана айыл чарбасына тиешелүү жер участокторун “Айыл чарба багытындагы жерлери” категориясынан “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берүү тууралуу Кеңеш айыл өкмөтүнүн сунуш катын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123-мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 1-пунктчасына ылайык, Кеңеш айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кеңеш айыл аймагындагы № 307,171а, 164,166,172а,123,37,2а-28,125-126-127,79-86,575-713-782-515,164-контурларындагы “Айыл чарба багытындагы жерлери” (жайыт) категориясынан жалпы 16 га жер аянтын “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер, суу чарба, жана жаратылышты коргоо, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, таранспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Нурматов Орозмаматка жүктөлсүн.
Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасы: | О.С.Абдырахманов |