Редакцияот 16.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Кеңеш айылдык кеңешинин (7-чакырылышы) кезектеги жыйырманчы сессиясы

 

2023-жылдын 16-августундагы 20-4

Шаңкол айылынын тургуну Акназарова Умут Замирбековнанын арызы тууралуу

 

Шаңкол айылынын тургуну 1-топтогу майып Акназарова Умут Замирбековнанын чоң атасы иштетип жүргөн жерди үй салуу үчүн ажыратып берүү тууралуу жазган арызын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123-мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 1-пунктчасына ылайык, Кеңеш айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. 1-топтогу майып Акназарова Умут Замирбековнага жер участогун кезексиз берүүгө макулдук берилсин

 

2. Жерди тактап мыйзамдуулугун карап, чечип берүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер, суу чарба, жана жаратылышты коргоо, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, таранспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Нурматов Орозмаматка жүктөлсүн.

 

Кеңеш айылдык

кеңешинин төрагасы:

О.С.Абдырахманов