Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 16-августундагы 20-5
Арбын айылындагы А.Калыева жана Батуу айылдарындагы К.Аматов көчөлөрүнө аялдама курууга макулдук берүү тууралуу
Кеңеш айыл өкмөтүнүн Арбын айылындагы А.Калыева көчөсүнүн үч жерине жана Батуу айылындагы К.Аматов көчөсүнүн бир жерине аялдама курууга макулдук берүү тууралуу жазган сураныч катын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123- мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 1-пунктчасына ылайык, Кеңеш айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кеңеш айыл өкмөтүнүн Арбын айылындагы А.Калыева көчөсүнүн үч жерине жана Батуу айылындагы К.Аматов көчөсүнүн бир жерине аялдама куруусуна макулдук берилсин.
2. Аялдама курулуучу жерди тактап мыйзамдуулугун карап, чечип берүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер, суу чарба, жана жаратылышты коргоо, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, таранспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Нурматов Орозмаматка жүктөлсүн.
Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасы: | О.С.Абдырахманов |