Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 16-августундагы 20-6
Куу-Майдан айылына көрүстөн курууга жер ажыратып берүү тууралуу
Куу-Майдан айылынын Медересе жана Жүктү калктуу конуштарынын жашоочуларынын азыркы убакта колдонуп жаткан көрүстөнү толуп калгандыгына байланыштуу, жайытка караган №114-контурда жайгашкан бош жаткан жерди көрүстөн үчүн ажыратууга макулдук берүү тууралуу жазган арыздарын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123- мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 1-пунктчасына ылайык, Кеңеш айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Куу-Майдан айылынын Медересе жана Жүктү калктуу конуштарынын жашоочуларынын суроо-талабын аткарууга алып, жайытка караган №114-контурда жайгашкан бош жаткан жердин багытын өзгөртүп, көрүстөн үчүн ажыратууга макулдук берилсин.
2. Жерди тактап мыйзамдуулугун карап, чечип берүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер, суу чарба, жана жаратылышты коргоо, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, таранспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Нурматов Орозмаматка жүктөлсүн.
Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасы: | О.С.Абдырахманов |