Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 16-августундагы 20-7
Кеңеш айыл аймагындагы 40,0 га кайрак "Айыл чарба өндүрүшүндө пайдаланууга жараксыз” жер участогун жеке турак үйлөрдүн курулушуна которууга макулдук берүү жөнүндө
Кеңеш айыл аймагында үй салуу үчүн жер участогун сурап кайрылган жарандардын саны 1486, бул көйгөйдү чечүү үчүн айыл аймагындагы 40,0 га кайрак "Айыл чарба өндүрүшүндө пайдаланууга жараксыз” жер участогун жеке турак үйлөрдүн курулушуна которууга макулдук берүү тууралуу айыл өкмөтүнүн сунуш катын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123-мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 5-пунктчасына ылайык, Кеңеш айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кеңеш айыл аймагындагы кайрак айыл чарба багытындагы жерлерден 40,0 га "Айыл чарба өндүрүшүндө пайдаланууга жараксыз” жер участогун жеке турак үйлөрдүн курулушуна которууга макулдук берилсин.
2. Трансформация боло турган жерлердин контурларын тактап , көйгөйлүү маселени чечүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер, суу чарба, жана жаратылышты коргоо, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, таранспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Нурматов Орозмаматка жүктөлсүн.
Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасы: | О.С.Абдырахманов |