Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 16-августундагы 20-8
Суу станциясына тиешелүү жерди Кеңеш айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу тууралуу
Кеңеш айыл өкмөтүнүн Арбын айылынан Шаңкол жайлоосуна кеткен жолдун жээгиндеги, Шаңкол дарыясынын батыш тарабында жайгашкан эски таза суунун (союз убагында колдонулган) 0,40 га жер аянтын Кеңеш айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алып берүүнү суранган сураныч катын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123- мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 5-пунктчасына жана “Кыргызмамжердолбоорлоо” Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын №511-контур суу станциясы жалпы аянты 0,40 га деп берилген корутундусуна таянып, Кеңеш айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кеңеш айыл өкмөтүнүн Арбын айылынан Шаңкол жайлоосуна кеткен жолдун жээгиндеги, Шаңкол дарыясынын батыш тарабында жайгашкан эски таза суунун (союз убагында колдонулган) 0,40 га жер аянтын Кеңеш айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуусуна макулдук берилсин.
2. Таза сууга тиешелүү болгон жерди тактап мыйзамдуулугун карап, чечип берүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер, суу чарба, жана жаратылышты коргоо, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, таранспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Нурматов Орозмаматка жүктөлсүн.
Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасы: | О.С.Абдырахманов |