Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 15-октябры № 214
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 33-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацында "жети" деген сөз "он төрт" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 34-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 52-пункт менен толукталсын:
"52) электрондук байкоо жүргүзүү менен тыюу салуулар жана (же) чектөөлөр;";
3) төмөнкүдөй мазмундагы 392-берене менен толукталсын:
"392-берене. Электрондук байкоо жүргүзүү менен тыюу салуулар жана (же) чектөөлөр
1. Электрондук байкоо жүргүзүү менен тыюу салуулар жана (же) чектөөлөр ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн беренелеринде каралган учурларда үй-бүлөлүк зомбулук менен байланышкан укук бузууларды жасагандыгы үчүн колдонулат.
2. Электрондук байкоо жүргүзүү менен тыюу салуулар жана (же) чектөөлөр сот тарабынан 3 айга чейинки мөөнөткө дайындалат.
3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган учурларда сот төмөнкүдөй тыюу салууларды жана чектөөлөрдү дайындоого укуктуу:
1) жабырлануучу менен түз байланышууларга тыюу салуу;
2) куугунтуктоого тыюу салуу;
3) ок атуучу, пневматикалык жана газ куралын сактоого жана (же) колдонууга тыюу салуу, ал эми курал бар болгондо ыйгарым укуктуу органдар тарабынан убактылуу алып коюу;
4) белгилүү бир аймактарда жайгашкан жери боюнча чектөө;
5) курмандыктын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башка чектөөлөр.
4. Тыюу салуулар жана чектөөлөр, жабырлануучунун укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо же анын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунучтун алдын алуу үчүн зарыл болгон учурларды кошпогондо, жабырлануучу менен макулдашуу боюнча дайындалат.";
4) 70-беренеде:
а) биринчи абзац "дене-бойлук зомбулук кылуу менен коркутуу," деген сөздөрдөн кийин "куугунтуктоо," деген сөз менен толукталсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:
"Эскертүү. Куугунтуктоо - адамдын эркине каршы ага багытталган, анда өз коопсуздугу үчүн коркунуч жараткан, куугунтук жасаган адам менен ал бөлөк жашаган учурда түз же кыйыр байланышууларды, иштеген, окуган, турган, жашаган жерлерине барып турууну демилгелөө аркылуу билдирилүүчү атайылап жасалган жүрүм-турум.";
5) 71-берененин экинчи абзацында "үчтөн жети суткага чейин" деген сөздөр "жетиден он төрт суткага чейин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 72-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"72-берене. Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын оңдоп-түзөөчү программадан өтүүдөн, электрондук байкоо жүргүзүү менен тыюу салууларды жана (же) чектөөлөрдү аткаруудан баш тартуусу
Үй-бүлөлүк зомбулук менен байланышкан укук бузууну жасаган адамдын оңдоп-түзөөчү программадан өтүүдөн же болбосо ушул Кодексте белгиленген электрондук байкоо жүргүзүү менен тыюу салуулардан жана (же) чектөөлөрдөн баш тартуусу -
40 саатка коомдук жумуштарга тартууга же болбосо жетиден он төрт суткага чейин камакка алууну колдонууга алып келет.";
7) төмөнкүдөй мазмундагы 5722-берене менен толукталсын:
"5722-берене. Электрондук байкоо жүргүзүү менен тыюу салууларды жана (же) чектөөлөрдү аткаруунун тартиби жана мөөнөттөрү
1. Сот тарабынан дайындалган электрондук байкоо жүргүзүү менен тыюу салуулар жана (же) чектөөлөр юстиция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан аткарылат.
2. Электрондук байкоо жүргүзүү менен тыюу салуулар жана (же) чектөөлөр дайындалган адам белгиленген тыюу салуулардын жана (же) чектөөлөрдүн талаптарын аткарууга милдеттүү.
3. Электрондук байкоо жүргүзүү менен тыюу салуулар жана (же) чектөөлөр дайындалган адамды контролдоо ички иштер органдарына жүктөлөт.
4. Белгиленген электрондук байкоо жүргүзүү менен тыюу салууларды жана (же) чектөөлөрдү аткаруудан баш тарткан адам ушул Кодекске ылайык жоопкерчиликке тартылат.
5. Электрондук байкоо жүргүзүүнүн тартиби жана шарттары, ошондой эле контролдоонун электрондук жана башка техникалык каражаттарын колдонуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.".
2-берене.
"Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 4, 290-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 10-беренин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 31-пункт менен толукталсын:
"31) үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө ар бир билдирүү боюнча тобокелдиктерге баа берет;";
2) 29-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 31 жана 32-пункттар менен толукталсын:
"31) үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын техникалык каражаттарды колдонуу менен убактылуу коргоо ордеринин шарттарынын аткарылышын контролдоону камсыз кылуу боюнча чараларды аткаруу милдетин;
32) ок атуучу, пневматикалык жана газ куралын сактоого жана (же) колдонууга тыюу салуу, ал эми курал бар болгондо ыйгарым укуктуу органдар тарабынан убактылуу алып коюу;";
3) төмөнкүдөй мазмундагы 291-берене менен толукталсын:
"291-берене. Техникалык каражаттарды колдонуу менен убактылуу коргоо ордеринин шарттарынын аткарылышын контролдоону камсыз кылуу боюнча чаралар
1. Техникалык каражаттарды колдонуу менен убактылуу коргоо ордеринин шарттарынын аткарылышын контролдоону камсыз кылуу боюнча чаралар - электрондук жана башка техникалык каражаттарды колдонуу менен убактылуу коргоо ордери берилген адам тарабынан ага карата белгиленген тыюу салуулардын жана (же) чектөөлөрдүн сакталышын камсыз кылуу максатында анын жүргөн жерин аралыктан контролдоо жана изилдөө.
2. Техникалык каражаттарды колдонуу менен убактылуу коргоо ордеринин шарттарынын аткарылышын контролдоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү жөнүндө чечим тиешелүү ички иштер органы тарабынан тобокелдиктерге баа берүү протоколунун негизинде кабыл алынат.
Техникалык каражаттарды колдонуу менен убактылуу коргоо ордеринин шарттарынын аткарылышын контролдоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү жөнүндө чечимде аларды аткаруунун шарттары (ал чегинен чыгып кете албаган же ал жүрө албаган аймак, ага карата белгиленген тыюу салуулар жана (же) чектөөлөр) көрсөтүлөт, ошондой эле белгиленген чектөөлөрдүн сакталышын контролдоону жүзөгө ашыруу жүктөлгөн орган жана (же) кызмат адамы көрсөтүлөт.
Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдан техникалык каражаттарды колдонуу менен убактылуу коргоо ордеринин шарттарынын аткарылышын контролдоону камсыз кылуу боюнча чара көргөн органдын уруксатысыз тиешелүү аймактан чыгып кетпөө, белгиленген тыюу салууларды жана (же) чектөөлөрдү сактоо милдеттенмеси жазуу жүзүндө алынат.
3. Техникалык каражаттарды колдонуу менен убактылуу коргоо ордеринин шарттарынын аткарылышын контролдоону камсыз кылуу боюнча чараларды аткаруунун шарттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.".
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 17-октябрындагы № 79 (3735) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
| ||
2025-жылдын 11-сентябрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |