Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 16-октябры № 219
2025-жылдын 31-январында Алматы шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерде уюштурулган тооруктарда баалуу кагаздарды жайгаштырууга жана жүгүртүүгө чек ара аралык уруксат берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене
2025-жылдын 31-январында Алматы шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерде уюштурулган тооруктарда баалуу кагаздарды жайгаштырууга жана жүгүртүүгө чек ара аралык уруксат берүү жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясына белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 21-октябрындагы № 80 (3736) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 24-сентябрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |