Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 14-октябры № 662
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 3-декабрындагы № 292 “Кыргыз Республикасынын аймагында баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды ишке ашырган юридикалык жактарды жана жеке ишкерлерди атайын эсепке алуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды санариптик жөнгө салуу үчүн шарттарды түзүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 3-декабрындагы № 292 “Кыргыз Республикасынын аймагында баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды ишке ашырган юридикалык жактарды жана жеке ишкерлерди атайын эсепке алуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды ишке ашырган юридикалык жактарды жана жеке ишкерлерди атайын эсепке алуу тартиби жөнүндө жободо:
- 7-пункттун 1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“1) юридикалык жактын жетекчиси же жеке ишкер тарабынан кол коюлган эркин формадагы атайын эсепке коюу жөнүндө арыз;”;
- 10-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“10. Документтер ыйгарым укуктуу жак (жетекчи, ишкер) тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.
Бул Жобонун 7-пунктунда көрсөтүлгөн документтер ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу электрондук форматта берилет.”;
- 18-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“18. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган атайын эсептен чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 15 календардык күндүн ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен форма боюнча, электрондук кол коюлган электрондук документ формасында атайын эсептен чыгаруу жөнүндө билдирүүнү тапшырат.”.
Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 17-октябрындагы № 79 (3735) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |