Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 7-октябры № 868-т
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 14-ноябрындагы № 720 “Борбордук Азиялык Жерди прикладдык изилдөө институтунун маселелери жөнүндө” токтомуна, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Борбордук Азиялык Жерди прикладдык изилдөө институтунун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрү болуп кыргыз тараптан төмөнкүлөр дайындалсын:
– Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
– Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары;
– Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-июнундагы № 246-б буйругу;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-сентябрындагы № 374-б буйругу.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |