Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-октябрындагы № 650 токтомуна) |
Кыргыз Республикасындагы камсыздандыруу брокерлеринин иши жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасындагы камсыздандыруу брокерлеринин иши жөнүндө ушул жобо (мындан ары - Жобо) камсыздандыруу брокерлеринин өзүнүн кесиптик ишин Кыргыз Республикасында жүзөгө ашыруусунун негизги талаптарын жана шарттарын белгилейт.
2. Камсыздандыруу брокери - камсыздандырылуучунун тапшырмасы боюнча камсыздандыруучу менен камсыздандыруу келишимин түзүү жана аны аткаруу менен байланышкан мамилелерде камсыздандырылуучунун атынан чыккан же камсыздандыруучунун тапшырмасы боюнча анын атынан чыккан же камсыздандыруу же кайра камсыздандыруу келишимдерин түзүү менен байланышкан кызматтарды көрсөтүү боюнча өз атынан ортомчулук ишти жүзөгө ашыруучу, ошондой эле камсыздандыруу жана кайра камсыздандыруу маселелери боюнча кеңеш берүүчү ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жак.
2-глава. Камсыздандыруу брокеринин ишине карата коюлуучу талаптар
3. Камсыздандыруу брокери брокердик иштин төмөнкүдөй түрлөрүн жүзөгө ашырат:
1) өзүнүн атынан жана камсыздандырылуучунун тапшырмасы боюнча камсыздандыруу келишимдерин же өзүнүн атынан жана цеденттин тапшырмасы боюнча кайра камсыздандыруу келишимдерин түзүү боюнча ортомчулук ишти;
2) камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) маселелери боюнча кеңеш берүүчү ишти;
3) камсыздандырууга (кайра камсыздандырууга) жеке жана юридикалык жактарды издөө жана тартуу;
4) камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарынын кызмат көрсөтүүсүнө жана финансылык абалына салыштырма талдоо жүргүзүү;
5) камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарынын көрсөткөн кызматтарына салыштырма талдоо жүргүзүү максатында камсыздандыруу объекттери жөнүндө маалыматтарды чогултуу;
6) кардарлардын тапшырмасы боюнча камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) шарттарын, камсыздандыруучуларды (кайра камсыздандыруучуларды) тандоо критерийлерин, камсыздандыруу тобокелдиктерин табуу боюнча эксперттик кызмат көрсөтүүнү иштеп чыгуу;
7) камсыздандырылуучунун (цеденттин) тапшырмасы боюнча камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) келишимин түзүү үчүн зарыл болгон документтерди даярдоо жана (же) тариздөө, камсыздандыруу маселеси боюнча маалыматтарды чогултуу;
8) камсыздандырылуучунун (цеденттин) тапшырмасы боюнча камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) келишимин тариздөө;
9) камсыздандырылуучу (цедент) менен тиешелүү макулдашуу болсо, камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарына андан ары которуу үчүн камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) келишимдери боюнча камсыздандырылуучудан (цеденттен) камсыздандыруу сый акыларын чогултуу;
10) кардардын тапшырмасы боюнча камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) же кошо камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздандыруу тобокелдиктерин жайгаштыруу;
11) камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) келишимин түзүүдө, камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп берүүдө, камсыздандыруу окуясы болгондо дооматтарды, ошондой эле камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) келишимдерин түзүү менен байланышкан башка документтерди кароодо документтердин туура жана өз убагында таризделишин камсыз кылуу;
12) камсыздандыруу окуясы болгондо камсыздандырылуучунун (цеденттин), пайда көрүүчүнүн камсыздандыруу төлөмдөрүн алуусуна кеңеш берүү жана жардам көрсөтүү;
13) камсыздандыруу төлөмдөрүн алуу үчүн зарыл болгон документтерди берилген ыйгарым укуктарга ылайык тариздөө;
14) камсыздандырылуучунун (цеденттин) тапшырмасы боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүн андан ары камсыздандырылуучуга (цедентке) же пайда табуучуга берүү үчүн камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарынан камсыздандыруу төлөмдөрүн чогултуу;
15) камсыздандыруу окуясы болгондо кызыкдар жактардын тапшырмасы боюнча камсыздандыруу чыгымдарын кароо жана жөнгө салуу маселелери боюнча документтерди жана материалдарды даярдоо;
16) камсыздандыруу келишимин түзгөнгө чейин камсыздандыруу объектин баалоо, ошондой эле чыгашаларды баалоо жана камсыздандыруу төлөмдөрүнүн өлчөмүн аныктоо үчүн көз карандысыз эксперттердин кызмат көрсөтүүлөрүн тартууну уюштуруу.
4. Камсыздандыруу брокерлерине, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк камсыздандыруу уюмдарынын атынан камсыздандыруу келишимдерин түзүүгө байланышкан ортомчулук ишти жүзөгө ашырууга тыюу салынат.
5. Эгерде келишимдин шарттарында каралса жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына каршы келбесе, камсыздандыруу брокери камсыздандырылуучу/камсыздандыруучу менен түзүлгөн келишимдин алкагында өз ишин жүзөгө ашырууда камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) келишиминин тарабы болууга укуктуу.
6. Эгерде камсыздандыруу брокери камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) келишими боюнча төлөм катары камсыздандыруучулардан (кайра камсыздандыруучулардан) камсыздандыруу сый акыларын кабыл алган учурда, эгерде келишимде башкача каралбаса, ал бул каражаттарды алган учурдан тартып үч жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө камсыздандыруучунун банктык эсебине чегерүүнү камсыз кылууга милдеттүү. Камсыздандыруу брокерлери бул эсеп боюнча башка операцияларды жүргүзүүгө укугу жок.
7. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) келишимдери боюнча төлөм катары камсыздандыруучулардан (кайра камсыздандыруучулардан) акча каражаттарын кабыл алган камсыздандыруу брокерлери брокердин каталары же ак ниетсиз аракеттери болгон учурда кардарлардын чыгымдары менен байланышкан тобокелдиктердин ордун жабууга 3000000 (үч миллион) сомдон кем эмес камсыздандыруу суммасында өздөрүнүн кесиптик жоопкерчилигин камсыздандырууга милдеттүү.
8. Эгерде кесиптик жоопкерчиликти камсыздандыруу келишими жок болсо же зарыл болгон сумманын ордун жаппаса, камсыздандыруу брокерлери камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) келишими боюнча төлөм катары камсыздандыруучулардан (кайра камсыздандыруучулардан) акча каражаттарын 3000000 (үч миллион) сомдон кем эмес суммада милдеттенмелерди аткаруу боюнча банктык кепилдиктин негизинде кабыл алышат.
9. Камсыздандыруу брокерлери көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын ички контролдоо системасынын болушун, документ жүгүртүүнү, маалыматты сактоону талаптагыдай уюштурууну, ошондой эле терроризмди каржылоого жана кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзамдардын талаптарын сактоону камсыз кылууга милдеттүү.
3-глава. Камсыздандыруу брокеринин укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги
10. Камсыздандыруу брокери төмөнкүлөргө укуктуу:
1) камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарынан зарыл болгон маалыматты, анын ичинде анын уставдык капиталынын өлчөмү, камсыздандыруу резервдери, камсыздандыруу тарифтери, кабыл алынган камсыздандыруу жоопкерчилиги жана колдонуудагы лицензияларынын болушу жөнүндө маалыматтарды алууга;
2) Актуарийлердин жана камсыздандыруу брокерлеринин бирдиктүү мамлекеттик реестринде мамлекеттик каттоо номерин (мындан ары - МКН) алган учурдан тартып камсыздандыруу жана кайра камсыздандыруу чөйрөсүндө ортомчулук ишти жүзөгө ашырууга;
3) келишимде каралган ортомчулук жана кеңеш берүү кызматтарды көрсөткөндүгү үчүн камсыздандыруучудан (кайра камсыздандыруучудан) да, камсыздандырылуучудан (цеденттен) да акчалай сыйлык алууга.
11. Камсыздандыруу брокери төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Актуарийлердин жана камсыздандыруу брокерлеринин бирдиктүү мамлекеттик реестринде МКН алууга;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоого, ошондой эле кардарлар менен түзүлгөн келишимдерге ылайык милдеттенмелерди аткарууга;
3) туруктуу финансылык абалга жана камсыздандыруунун оптималдуу шарттарына ээ болгон камсыздандыруучулар менен камсыздандыруу келишимдерин түзүүнү камсыз кылууга;
4) ушул Жобонун 6-пунктуна ылайык алынган камсыздандыруу сый акыларын белгиленген мөөнөттө камсыздандыруучуга которууга.
12. Камсыздандыруу брокери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, анын ичинде төмөнкүлөр үчүн жоопкерчилик тартат:
1) кардарга жана Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу жаатындагы мыйзамдарына ылайык камсыздандыруу рыногун жөнгө салуу жана камсыздандыруу ишине көзөмөл жүргүзүү боюнча функцияларды жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруучу мамлекеттик башкаруу органына (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) берилүүчү маалыматтын анык эместиги, объективдүү эместиги жана толук эместиги;
2) камсыздандыруу сырын түзгөн маалыматтарды ачыкка чыгаруу;
3) ал түзгөн келишимдерде каралган милдеттенмелерди аткарбоо;
4) ишеним катта же анын статусун жана ыйгарым укуктарынын көлөмүн ырастаган башка документте көрсөтүлгөн ыйгарым укуктардан ашып кетүү менен жасалган аракеттер, анын ичинде кардарга же камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмуна чыгымдарды келтирүү үчүн жоопкерчилик;
5) кардарлардын жеке маалыматтарын коргоо бөлүгү боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын сактоо, ошондой эле терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзамдардын талаптарын сактоо.
13. Өз милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда, камсыздандыруу брокери Актуарийлердин жана камсыздандыруу брокерлеринин бирдиктүү мамлекеттик реестринен чыгарылышы мүмкүн.
4-глава. Камсыздандыруу брокеринин кызмат адамдарына карата квалификациялык талаптар
14. Камсыздандыруу брокеринин кызмат адамы болуп төмөнкүлөр саналат:
1) жеке же коллегиялык аткаруу органынын жетекчиси;
2) коллегиялык аткаруу органынын мүчөлөрү;
3) башкы бухгалтер.
15. Камсыздандыруу брокеринин кызмат адамдары менеджмент, экономика, юриспруденция, камсыздандыруу, финансы-кредит чөйрөсү жаатындагы тиешелүү билимге жана эмгек стажы бар болшн практикалык иштеги тажрыйбага ээ болуусу зарыл.
16. Камсыздандыруу брокеринин кызмат адамы Кыргыз Республикасында таанылган документ менен ырасталган тиешелүү жогорку билимге ээ болууга тийиш.
17. Камсыздандыруу брокеринин кызмат адамдарынын иш стажына жана иш тажрыйбасына карата квалификациялык талаптар:
1) камсыздандыруу брокеринин жеке же коллегиялык аткаруу органынын жетекчиси Кыргыз Республикасынын резиденти да, резидент эмеси да болушу мүмкүн, ал аракетке жөндөмдүү, менеджмент, экономика, юриспруденция же камсыздандыруу иши чөйрөсүндө жогорку билими бар, камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарында бир жылдан кем эмес же камсыздандыруу брокеринин уюмунда үч жылдан кем эмес иш тажрыйбасы болууга тийиш;
2) башкы бухгалтер жогорку билими жана камсыздандыруу иши чөйрөсүндө жана/же финансы-кредиттик мекемелерде бухгалтер кызмат ордунда бир жылдан кем эмес иш тажрыйбасы болууга тийиш.
Башкы бухгалтер үчүн атайын орто билимине жол берилет, бирок бул учурда финансы-кредиттик уюмдарда адистиги боюнча эки жылдан кем эмес иш тажрыйбасы милдеттүү түрдө эске алынат.
18. Камсыздандыруу брокеринин кызмат адамы болуп төмөнкүлөр шайлана (дайындала) албайт:
1) атайылап жасалган кылмыш үчүн соттуулугу жоюла элек кызмат адамы;
2) мажбурлоо тартибинде банкрот деп таанылган же мажбурлоо жолу менен жоюу процессинде турган камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунда мурда жетекчи кызматты ээлеген жана анын аракеттери (аракетсиздиги) камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун лицензиясынын жокко чыгарылышына алып келгендигин күбөлөндүргөн ырастоого ээ болгон адам. Бул талап тиешелүү чечим кабыл алынган датадан тартып беш жылдын ичинде колдонулат.
5-глава. Корутунду жоболор
19. Камсыздандыруу брокерлери квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ушул Жобонун тиркемесине ылайык форма боюнча отчет беришет.
20. Камсыздандыруу брокерлеринин ишине контролду Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, ошондой эле камсыздандыруучу - камсыздандыруучу менен камсыздандыруу брокеринин ортосундагы келишимде каралган ыйгарым укуктарды жана милдеттерди аткаруу бөлүгүндө жүзөгө ашырат.
|
| Кыргыз Республикасындагы камсыздандыруу брокерлеринин иши жөнүндө жобого тиркеме |
20___-жылдын "___" ______________ карата абал боюнча камсыздандыруу брокеринин иши жөнүндө МААЛЫМАТ
1. Уюмдун толук аталышы: ________________________________________________________________
________________________________________________________________________________________
________________________________________________________________________________________
(Уставга ылайык аталышы)
2. Салык төлөөчүнүн идентификациялык номери:
________________________________________________________________________________________
3. Бирдиктүү мамлекеттик реестрдеги МКН жөнүндө маалымат:
________________________________________________________________________________________
4. Камсыздандыруу брокеринин дареги (жайгашкан жери):
________________________________________________________________________________________
________________________________________________________________________________________
________________________________________________________________________________________
(юридикалык дарек)
Кварталдык отчет
(сом менен)
Көрсөткүчтөрдүн аталышы | Камсыздандыруу брокеринин катышуусунда түзүлгөн камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу сый акылары, (сом) | Ыктыярдуу камсыздандыруу келишимин түзүү үчүн акчалай сыйлыктын өлчөмү - бардыгы (камсыздандыруу брокеринин катышуусунда алынган камсыздандыруу сый акысынын өлчөмүнүн 15%ынан көп эмес) | Камсыздандыруу брокеринин катышуусунда түзүлгөн камсыздандыруу келишимдеринин саны, (бирдик) | ||||||
бардыгы | жеке жактар | юридикалык жактар | бардыгы | жеке жактар | юридикалык жактар | бардыгы | жеке жактар | юридикалык жактар | |
Ыктыярдуу камсыздандыруу - бардыгы, анын ичинде: |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
өмүрдү камсыздандыруу (топтомо) |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
өмүрдөн башканы камсыздандыруу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
жеке (өмүрдү камсыздандыруудан башка) камсыздандыруу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
кырсыктардан жана оорулардан камсыздандыруу ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
туристтерди медициналык камсыздандыруу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Мүлктүк: |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
жерде жүрүүчү транспорт каражаттарын камсыздандыруу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
аба транспорт каражаттарын камсыздандыруу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
суу транспорт каражаттарын камсыздандыруу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
жүк ташууларды камсыздандыруу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
өрттөн жана башка коркунучтардан мүлктөрдү камсыздандыруу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
коммерциялык жана финансылык тобокелдиктерди камсыздандыруу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
юридикалык сарптоолордон, анын ичинде соттук чыгымдар боюнча сарптоолордон камсыздандыруу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Мүлктү камсыздандыруунун башка түрлөрү |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Жоопкерчиликтер: |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин камсыздандыруу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
аба каражаттарынын ээлеринин жоопкерчилигин камсыздандыруу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
суу транспорт каражаттарынын ээлеринин жоопкерчилигин камсыздандыруу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
нотариустардын кесиптик жоопкерчилигин камсыздандыруу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
медицина кызматкерлеринин кесиптик |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
жоопкерчилигин камсыздандыруу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
башка кесиптик жоопкерчиликти камсыздандыруу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
ишканалардын - кооптуулугу жогору булактардын жоопкерчилигин камсыздандыруу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
жоопкерчиликтин башка түрлөрүн камсыздандыруу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Милдеттүү камсыздандыруу - бардыгы, анын ичинде: |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
аскер кызматкерлеринин өмүрүн жана ден соолугун милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
кызматкерлер эмгектик (кызматтык) |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
милдеттерин аткарып жатканда алардын өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген зыян үчүн жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
жүргүнчүлөрдүн алдындагы ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
кооптуу өндүрүштүк объекттерди эксплуатациялоочу уюмдардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
өрттөн жана табигый кырсыктардан турак жайларды милдеттүү камсыздандыруу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Жыйынтыгы: |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Камсыздандыруу брокердик уюмунун жетекчиси: |
|
|
_____________________________________________ (аты-жөнү) |
| __________________________________ (колу) |
|
|
|
Мөөрдүн орду: |
|
|
|
|
|
Камсыздандыруу брокердик уюмунун башкы бухгалтери: |
|
|
_____________________________________________ (аты-жөнү) |
| __________________________________ (колу) |