Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХIII шайланышынын)
кезектеги чакырылган I сессиясы
2024-жылдын 28-наябрындагы №7
Иманберди уулу Иса атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин спорт залын сабактан сырткаркы учурда волейбол ойноого уруксат берүү жөнүндө
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин бюджет, экономика, мунципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Тилемабетов Акназар Садыровичтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык кенешинин (ХХIII шайланышынын) кезектеги чакырылган I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Иманберди уулу Иса атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин спорт залын сабактан сырткаркы убакта айылдын жаштары үчүн волейбол оюнун ойноп турууга ар жуманын жума, ишемби күндөрү саат 19-00 дөн 22-00 го чейинки убакта уруксат берилсин.
2. Иманберди уулу Иса атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин директору Г.Шайыкова ар жуманын жума, ишемби күндөрү саат 19-00 дөн 22-00 го чейинки убака спорт залга болгон жооперчиликтен алынсын.
3. Оюнга жооптуулар болуп төмөнкүлөр бекитилсин. Тогуз-Торо айылдык кенештин депутаттары А.Тилеманбетов, Т.Талантбек уулу, Н.Бейшенбек уулу, айыл өкмөтүнүн спорт иштери боюнча Айдарбек уулу Бексултан, жаштар уюмунан Н.Сансызбаев, М.Кадыржанов, А.Абдыжапар уулу.
4. Залдын жайкы ремонт иштери жана ар жуманын ишемби күнү тазалап кетүү жагы жогорудагы жооптуу адамдарга жүктөлсүн.
5.Токтомду каттоодон ѳткѳрүү жана Тогуз-Торо айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялоо жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчысы У.Арыкмолдоевага тапшырылсын.
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин төрагасы У.Токтожумаев