Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХIII шайланышынын)
кезектеги чакырылган I сессиясы
2024-жылдын 28-наябрындагы №11
Тогуз-Торо ”өнүктүрүү фондусу мекемесине сунушталып жаткан Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн Казарман айылындагы Т.Мурзалиев кѳчѳсүнүн 480 метр ички жолуна ысык асфальт тѳшѳѳ долбооруна жалпы элдик жыйындын протоколун бекитип берүү жөнүндө
Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу У.Арыкмолдоеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин (ХХIII шайланышынын) кезектеги чакырылган I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Тогуз-Торо райондук ѳнүктүрүү фондусу ” мекемесине сунушталып жаткан Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн Казарман айылындагы Т.Мурзалиев көчөсүнүн 480 метр ички жолуна ысык асфальт тѳшѳѳ долбоору боюнча каралган жалпы элдик жыйындын протоколу жактырылсын.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы айылдык Кеңештин регламент, депутаттык этика, жана мандат боюнча, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылат.
3. Токтомду каттоодон ѳткѳрүү жана Тогуз-Торо айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялоо жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчысы У.Арыкмолдоевага тапшырылсын.
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин төрагасы У.Токтожумаев