Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХIII шайланышынын)
кезектеги чакырылган III сессиясы
2025-жылдын 27-февралдагы №17
Калктуу конуштун таштандыларын ташып чыгаруу жыйым жөнүндө
Тогуз-Торо айылдык кеңешине Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Жарбашов Алтынбек Турдубековичтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХIIIшайланышынын) кезексиз чакырылган III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн аймагында жергиликтүү бюджетке түшө турган калктуу конуштун таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйым Кыргыз Республикасынын “салыктык эмес кирешелер жөнүндө” кодексинин 73-74-75-76 беренелерине ылайык юридикалык жактар жана экономикалык ишкердик жүргүзгөн ар бир адам үчүн 100 (жүз) сом өлчөмүндө жана жыйымды тиешелүү жылдын 01-августуна чейин эсептөөсүн, 01-сентябрга чейин төлөөсүн жүргүзүү бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын жана чыгымдалуучу акча каражаттарды көзөмөлгө алуу айылдык кенештин “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик,айыл чарба,инвестиция,ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Тилемамбетовго жана айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Д.Жунусовага тапшырылсын.
3.Токтомду каттоодон ѳткѳрүү жана Тогуз-Торо айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялоо жагы айыл ѳкмѳт башчысынын орун басары-жооптуу катчысы У.Арыкмолдоевага тапшырылсын.
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин төрагасы У.Токтожумаев