Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-октябрындагы № 650 токтомуна) |
Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун кызмат адамдарына коюлуучу квалификациялык талаптар жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун кызмат адамдарына коюлуучу квалификациялык талаптар жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун кызмат адамдарынын өз милдеттерин жана тапшырмаларын аткаруу үчүн алардын компетенттүүлүк, квалификациялык жана ак ниеттүүлүк деңгээлине ылайык коюлуучу квалификациялык талаптарды белгилейт.
2. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун кызмат адамдары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) аткаруу органынын жалгыз же коллегиялуу жетекчиси;
2) коллегиялуу аткаруу органынын мүчөлөрү;
3) башкы бухгалтер;
4) ички аудитор.
3. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарынын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын аймагында камсыздандыруу ишин жүргүзүү жана өздөрүнүн функциялык милдеттерин аткаруу үчүн ушул Жободо белгиленген квалификациялык талаптарга ылайыктуулугун, Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу көзөмөлү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) макулдугунан өтүүсү зарыл.
Макулдашуу төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлөт:
- камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдары жаңы түзүлгөндө камсыздандыруу ишин жүргүзүү укугуна лицензияны алуу үчүн;
- камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарынын кызмат адамдарынын курамы өзгөргөн учурда.
2-глава. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун кызмат адамдарына коюлуучу негизги квалификациялык талаптар
4. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун кызмат адамдары жогорку билимге, компетенцияга, тажрыйбага жана иш стажына ээ болушу керек.
5. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун кызмат адамдары Кыргыз Республикасында таанылган жогорку кесиптик билимге ээ болушу керек.
Башкы бухгалтер үчүн орто кесиптик билимге жол берилет, бирок бул учурда финансы-кредиттик уюмдарда бухгалтер кызматында үч жылдан кем эмес иш тажрыйбасы сөзсүз эске алынат.
6. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарынын кызмат адамдарынын стажына жана иш тажрыйбасына коюлган квалификациялык талаптар:
1) жалгыз же коллегиялуу аткаруу органынын жетекчиси камсыздандыруу уюмдарында, финансы-кредиттик мекемелерде же мамлекеттик кызматта, анын ичинде жетекчи кызматтарда эки жылдан кем эмес эмгек стажына ээ болушу керек;
2) коллегиялуу аткаруу органынын мүчөлөрүнүн камсыздандыруу (кайра камсыздандыруучу) уюмдарында эки жылдан кем эмес иш стажы болушу же финансы-кредиттик мекемелерде же мамлекеттик кызматта үч жылдан кем эмес иш стажы болушу керек;
3) башкы бухгалтер камсыздандыруу иши чөйрөсүндөгү бухгалтер кызматында эки жылдан кем эмес, же финансы-кредиттик мекемелерде бухгалтер кызматында үч жылдан кем эмес же башкы бухгалтер кызматында беш жылдан кем эмес иш стажына ээ болууга тийиш;
4) ички аудитор камсыздандыруу (кайра камсыздандыруучу) уюмунун же финансы-кредиттик мекемелердин же мамлекеттик мекемелердин башкы бухгалтери, ички аудитору кызматында эки жылдан кем эмес эмгек стажына ээ болууга тийиш;
5) ушул пункт менен аныкталган эмгек стажына финансылык уюмдун бөлүмдөрүндө анын коопсуздугун камсыз кылууга, административдик-чарбалык ишти жүзөгө ашырууга, маалыматтык технологияларды өнүктүрүүгө (маалыматтык технологияларды өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчисинен тышкары) байланыштуу иш кирбейт;
6) жайгаштырылган акцияларынын элүү пайыздан ашыгы мамлекетке тике же кыйыр түрдө таандык болгон камсыздандыруу (кайра камсыздандыруучу) уюмунун башкаруу органынын жетекчисинин жана аткаруу органынын жетекчисинин орун басарынын кызмат ордуна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын сунуштамасы боюнча талапкерге ушул пункт менен каралган стаж талап кылынбайт.
3-глава. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун кызмат адамдарына коюлуучу чектөөлөр
7. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун кызмат адамы болуп төмөнкүдөй адам шайлана (дайындала) албайт:
1) тиешелүү кесиптик билими жок;
2) соттун чечими менен аракетке жөндөмсүз деп таанылган, же соттун чечими менен ушул Жобонун 2-пунктунда көрсөтүлгөн кызматтарды ээлөөгө, же камсыздандыруу иши менен алектенүүгө тыюу салынган;
3) экономика чөйрөсүндө кылмыш жасагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоюла элек соттуулугу бар;
4) мурда камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунда жетекчилик кызматты ээлеген, ага карата ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан камсыздандыруу уюмун башкаруу боюнча убактылуу администрацияны дайындоо жөнүндө чечим ушул адамдын ишине түздөн-түз байланыштуу негиздер боюнча кабыл алынган. Көрсөтүлгөн талап тиешелүү чечим кабыл алынган күндөн тартып беш жылдын ичинде колдонулат;
5) мурда жетекчилик кызматты ээлеген, мажбурдуу түрдө банкрот деп таанылган же мажбурлап жоюу процессинде турган камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун башкы бухгалтери жана ички аудитору болуп иштеген жана анын аракеттери (аракетсиздиги) камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун лицензиясынын жокко чыгарылышына алып келгендигин тастыктаган далили бар. Көрсөтүлгөн талап тиешелүү чечим кабыл алынган күндөн тартып беш жылдын ичинде колдонулат;
6) ушул Жобонун 6-пунктунда белгиленген эмгек стажы төмөнкүлөрдө жок болсо:
- эл аралык финансылык уюмдарда;
- жана (же) финансы рыногун жана финансылык уюмдарды жөнгө салуу, контролдоо жана көзөмөлдөө чөйрөсүндө;
- жана (же) финансылык кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүндө;
- жана (же) финансылык уюмдардын аудитин жүргүзүү боюнча;
- жана (же) финансылык уюмдардын аудитин жүргүзүү боюнча кызматтарды жөнгө салуу чөйрөсүндө;
- жана (же) финансылык уюмдардын ишин автоматташтыруу үчүн колдонулган программалык камсыздоону иштеп чыгуу чөйрөсүндө;
- жана (же) жогоруда саналып өткөн чөйрөлөрдө иш жүргүзгөн чет өлкөлүк юридикалык жактарда.
8. Ыйгарым укуктуу орган камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун кызмат адамын дайындоого (шайлоого) берилген макулдугун төмөнкү негиздер боюнча чакыртып алат:
1) макулдук берүүгө негиз болгон маалыматтардын анык эместиги аныкталган;
2) ыйгарым укуктуу органдын жетекчи кызматкерге карата көзөмөлдүк чара көрүүсү (түз көзөмөлдү киргизүү, убактылуу администраторду киргизүү);
3) Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык соттуулугунун болушу же жоюла элек соттуулугунун болушу.
Ыйгарым укуктуу органдын камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун кызмат адамын дайындоого (шайлоого) макулдугун чакыртып алуусу камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун кызмат адамына мурда берилген макулдукту (макулдуктарды) чакыртып алууга негиз болуп саналат.
Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму ыйгарым укуктуу орган кызмат адамын дайындоого (шайлоого) макулдугун чакыртып алган учурда кызмат адамы менен эмгек келишимин токтотууга же эмгек келишими жок болгон учурда кызмат адамынын ыйгарым укуктарын токтотуу боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.
4-глава. Документтерди кабыл алуу
9. Бул Жобонун 4-пунктунда каралган учурларда камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму ар бир талапкер боюнча макулдашуу жөнүндө катты ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкү документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн тиркөө менен берүүгө тийиш:
1) талапкерди шайлоо жөнүндө чечим кабыл алган камсыздандыруу уюмунун ыйгарым укуктуу башкаруу органынын чогулушунун (жыйналышынын) протоколу;
2) адамды дайындоо жөнүндө буйрук;
3) тиешелүү кесиптик билими жөнүндө диплом;
4) талапкердин инсандыгын ырастоочу күбөлүк;
5) эмгек китепчеси;
6) соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;
7) белгиленген формадагы талапкердин анкетасынын түп нускасы (тиркемеге ылайык форма боюнча).
10. Макулдашуу жол-жобосунан өткөн кызмат адамдарынын курамы өзгөргөн учурда камсыздандыруу уюму жаңы кызмат адамы шайланган (дайындалган) учурдан тартып 5 жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өзгөрүүлөр жөнүндө билдирүү берүүгө милдеттүү. Жаңы талапкерди макулдашуу жөнүндө кат ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга шайланган (дайындалган) учурдан тартып 10 жумуш күндүн ичинде жогоруда саналып өткөн документтерди тиркөө менен берилет.
11. Анкетанын пункттарында камтылган маалымат өзгөргөн учурда макулдашуудан өткөн кызмат адамдары бул тууралуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өзгөрүүлөрдөн кийин 10 жумуш күндүн ичинде жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.
12. Документтер мамлекеттик же расмий тилдерде берилет.
5-глава. Документтерди кароо
13. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга келип түшкөн документтер анкеталардын толук толтурулушу жана талапкерлердин белгиленген талаптарга шайкештиги боюнча 3 жумуш күндүн ичинде каралат.
14. Эгерде кароого документтердин толук эмес пакети берилсе же алар ушул Жободо белгиленген талаптарга шайкеш келбесе, алар кайтарып берүүнүн себептерин көрсөтүү менен расмий түрдө кайра иштеп чыгууга кайтарылат.
Эгерде башкы бухгалтердин жана ички аудитордун жетекчи кызмат орундарын ээлеген адамдар ушул Жободо белгиленген квалификациялык талаптарга жооп бербесе, камсыздандыруу ишин жүргүзүүгө лицензия берилбейт.
15. Бул Жобонун бардык талаптары сакталган учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан 15 жумуш күндүн ичинде башкы бухгалтердин жана ички аудитордун жетекчи кызмат ордуна талапкердин шайкештиги жөнүндө чечим кабыл алынат.
16. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмуна белгиленген форма боюнча чечим кабыл алынган учурдан тартып үч күндүк мөөнөттө жеткирилет.
17. Эгерде камсыздандыруу уюмунун аткаруу органынын жетекчиси 2 айдан ашык жумушта жок болсо, анын милдеттерин аткаруу жетекчинин кызматына дайындалган күндөн тартып акыркы жыл ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда макулдашуу жол-жобосунан өткөн кызматкерлерге гана жүктөлүшү мүмкүн.
18. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун жетекчилик кызмат ордун ээлеген адам жок болгон учурда, эгерде анын ордуна акыркы бир жыл ичинде макулдашуудан өтпөгөн талапкер сунушталса, анда бул талапкер кызматка киришээрдин алдында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда белгиленген тартипте макулдашуу жол-жобосунан өтүүгө тийиш.
19. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун башкы бухгалтери, ички аудитору 2 айдан ашык жумушта жок болгон учурда, анын милдеттерин аткаруучу адам ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда макулдашуу жол-жобосунан өтүүгө тийиш. Башкы бухгалтердин жана ички аудитордун милдеттерин аткаруучу талапкерге тиешелүү документтер кызмат ордун ээлөөгө дайындалгандан кийин 10 жумуш күндөн кечиктирилбестен камсыздандыруу көзөмөлү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик башкаруу органына берилиши керек.
20. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарынын кызмат адамдары тарабынан ишенимсиз, толук эмес маалыматтар аныкталган учурда, ошондой эле маалыматты атайылап бурмалоо жана өз убагында бербөө учурунда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.
6-глава. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимдерине камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму тарабынан сотко чейин даттануу тартиби
21. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кабыл алынган чечимине макул болбогон учурда, камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму Талаш-тартыштарды сотко чейин жөнгө салуу боюнча комиссиянын регламентинде белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмуна карата чечим кабыл алган күндөн тартып 30 календардык күндөн кечиктирбестен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү чечимине Талаш-тартыштарды сотко чейин жөнгө салуу боюнча комиссиясына даттанууга укуктуу.
Комиссия камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмуна ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимин кайра кароо жөнүндө арыз берүү мөөнөтүн отуз календардык күндөн ашпаган мөөнөткө узартууга укуктуу, эгерде көрсөтүлгөн жак чечимди кайра кароо жөнүндө арызды белгиленген мөөнөттө берүүгө мүмкүндүк бербеген жүйөлүү себептердин бар экендиги жөнүндө далилдерди берсе. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимин кайра кароо жөнүндө арыз берүү мөөнөтүн узартуу үчүн негиздердин тизмеси ушул Комиссиянын регламенти менен белгиленет.
Арыз ээсинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ченемдик укуктук актыларында каралган кароо мөөнөтүн узартуу жөнүндө өтүнмө менен кайрылган учурларын кошпогондо, Комиссия жөнгө салынуучу субъекттин арызын кароого жана арыз келип түшкөн күндөн тартып 30 күндөн ашпаган мөөнөттө кабыл алынган чечим жөнүндө билдирүүгө милдеттүү.
Комиссиянын чечимине макул болбогон учурда камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму чечимге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте соттук тартипте даттанууга укуктуу.
Эскертүү: жетекчилик кызмат орду деп мекеменин же уюмдун түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчисинен төмөн эмес кызмат орду түшүнүлөт.
|
| Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун кызмат адамдарына коюлуучу квалификациялык талаптар жөнүндө жобого тиркеме |
Кызмат ордун ээлөө үчүн макулдук жана укук берүүгө талапкердин АНКЕТАСЫ
1. Аты-жөнү ___________________________________________________________
______________________________________________________________________
______________________________________________________________________
2. Сунушталган кызмат ордун көрсөтүңүз
______________________________________________________________________
______________________________________________________________________
(кызмат орду, уюмдун аталышы)
3. Эгерде аты-жөнүңүздү алмаштырган болсоңуз, анда качан жана кайсы себеп
боюнча алмаштырганыңызды көрсөтүңүз:
______________________________________________________________________
______________________________________________________________________
4. Туулган күнү, айы, жылы жана жери _____________________________________
5. Улуту ______________________________________________________________
6. Жарандыгы (эгерде өзгөргөн болсо, анда качан жана кайсы себеп боюнча
алмаштырганыңызды көрсөтүңүз) __________________________________________
7. Паспорттук маалыматтары, сериясы ________________ номери: _______________
берилген датасы ______________________ ким тарабынан берилген ______________
8. Жашаган жери (каттоо боюнча): ___________________________________________
9. Билими, качан жана кайсы окуу жайларын аяктаган, дипломдордун номерлери.
Диплом боюнча адистик. Диплом боюнча квалификация ________________________
______________________________________________________________________
______________________________________________________________________
10. Илимий даражасы, илимий наамы, качан ыйгарылган,
дипломдордун номерлери _________________________________________________
________________________________________________________________________
11. Эмгек жолу башталгандан тартып аткарган иши
(анын ичинде жогорку жана орто атайын окуу жайлары, аскердик кызматы, айкаштырып
иштеген жумуштары, ишкердик иши ж.б.). Бул пунктту толтурууда өз учурунда мекеме,
уюм, ишкана кандай аталса ошондой атоо керек
______________________________________________________________________
______________________________________________________________________
______________________________________________________________________
______________________________________________________________________
______________________________________________________________________
12. Сиз жана Сиздин жакын туугандарыңыз соттолду беле, качан жана эмне үчүн
______________________________________________________________________
______________________________________________________________________
______________________________________________________________________
______________________________________________________________________
13. Үйдүн дареги жана телефондун номери _________________________________
______________________________________________________________________
14. Сизге же олуттуу катышуучу катары Сизге тиешеси бар компанияга карата
кайсы бир өлкөдө төмөнкүлөр колдонулган болсо, анда көрсөтүңүз:
1) укук бузууга жана/же кылмыш кылууга айып коюлган
_______________________________________________________________ (ооба/жок)
2) тартиптик жаза чаралары көрүлгөн
_______________________________________________________________ (ооба/жок)
Эгерде колдонулган болсо, укук коргоо органы тарабынан коюлган айыптоону
толук баяндап бериңиз, мында укук коргоо органынын аталышын, айыптоону же
кандай болбосун мамлекеттик орган колдонгон тартиптик жаза чараны,
териштирүүнүн жыйынтыктарын, соттун чечимин көрсөтүү керек _______________
15. Сизге карата кайсы бир кесиптик ишке тыюу салуу жөнүндө чечим кабыл
алынган болсо, анда ал боюнча түшүндүрмө бериңиз _________________________
______________________________________________________________________
______________________________________________________________________
Мен, __________________________________________________________________
(аты-жөнү), ушул анкетада көрсөтүлгөн маалыматтар анык жана толук экендигин
жана мен ээ болгон билимге жана анкетада көрсөтүлгөн суроолор боюнча
маалыматка ылайык берилгендигин ырастайм. Мен тараптан маалыматты атайлап
бурмалоого жана жашырууга жол берилген учурда, ал сунушталган кызмат орунга
макулдук берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болушу жана мыйзамдарга ылайык
жоопкерчилик тартууга алып келиши ыктымал экендигин мойнума алам.
Толтурулган дата: 20_____-жылдын "____" _______________.
Колу: ________________________________________________