Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХIII шайланышынын)
кезектеги чакырылган III сессиясы
2025-жылдын 27-февралдагы №20
Кыргыз Республикасында каада-салттарды, салтанаттарды жана үрп адаттарды өткөрүүдө ысырапкорчулукка чек коюу боюнча элдик жыйындын протоколун бекитип берүү жөнүндө
Тогуз-Торо айылдык кеңешине Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Жарбашов Алтынбек Турдубековичтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХIIIшайланышынын) кезексиз чакырылган III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каада-салттарды, салтанаттарды жана үрп адаттарды өткөрүүдө ысырапкорчулукка чек коюу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Тогуз-Торо айыл аймагында жалпы элдик жыйындын протоколу жактырылсын.
2. Бул токтомду көзөмөлдөө “регламент, депутаттык этика, жана мандат боюнча жана мыйзамдуулукту, укуктук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура-курулуш, транспорт жана экология” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3.Токтомду каттоодон ѳткѳрүү жана Тогуз-Торо айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялоо жагы айыл ѳкмѳт башчысынын орун басары-жооптуу катчысы У.Арыкмолдоевага тапшырылсын
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин төрагасы У.Токтожумаев