Загрузка документа…
|
| 3-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-октябрындагы № 650 токтомуна) |
Кыргыз Республикасындагы актуардык иш жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасындагы актуардык иш жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасында актуардык ишти жүргүзүүгө негизги талаптарды белгилейт.
2. Актуардык иш Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге жана ушул Жобого ылайык жүргүзүлөт.
3. Ушул Жободо пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр:
1) актуардык иш - тобокелдиктерди жана (же) тобокелдиктердин болушу менен шартталган финансылык милдеттенмелерди талдоо жана сандык, финансылык баалоо, ошондой эле финансылык тобокелдиктерди башкаруу методдорун иштеп чыгуу жана натыйжалуулугун баалоо боюнча иш;
2) актуардык корутунду - актуардык баалоонун жыйынтыгы боюнча даярдалган документ, органдын же уюмдун финансылык милдеттенмелеринин көлөмү, аларды аткаруу мүмкүнчүлүгү же белгилүү бир финансылык көрсөткүчтөргө жетүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө негизделген тыянактарды камтыйт жана баа берилүүчү уюм тарабынан пайдаланууга арналган;
3) актуардык эсептөөлөр - математикалык жана статистикалык методдорду колдонуу менен актуардык иш процессинде камсыздандыруунун тарифтик ставкаларын эсептөө;
4) актуардык баалоо - тобокелдиктерди жана (же) тобокелдиктердин болушу менен шартталган финансылык милдеттенмелерди талдоо жана сандык, финансылык баалоо боюнча актуардык иштин түрү, анын натыйжасы актуардык корутунду болуп саналат;
5) баа берилүүчү уюм - актуардык кызматтарды көрсөтүүгө келишим түзгөн юридикалык жак;
6) ыйгарым укуктуу орган - Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу жаатындагы мыйзамдарына ылайык камсыздандыруу рыногун жөнгө салуу жана камсыздандыруу ишин көзөмөлдөө боюнча функцияларды жана ыйгарым укуктарды жүргүзгөн мамлекеттик башкаруу органы;
7) актуардык иштин субъекттери - актуарий;
8) актуардык иштин объекти - финансылык тобокелдиктер жана (же) тобокелдиктердин болушу менен шартталган финансылык милдеттенмелерди аткаруу бөлүгүндө органдардын жана уюмдардын иши, ал актуардык баалоодон өтүүгө тийиш же ага карата актуардык иштин башка түрү жүргүзүлөт;
9) актуардык корутундуну текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө отчет - актуардык корутундуну текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча даярдалган, актуардык корутундунун аныктыгы жөнүндө пикирди камтыган жана заказчы, ыйгарым укуктуу орган, башка кызыкдар жактар же баа берилүүчү уюм тарабынан пайдалануу үчүн арналган документ.
2-глава. Милдеттүү актуардык баалоону колдонуу объекти
4. Милдеттүү актуардык баалоонун объекти болуп төмөнкүлөрдүн иши саналат:
1) милдеттүү камсыздандыруунун түрлөрү боюнча камсыздандыруу тарифтерин иштеп чыгууда ыйгарым укуктуу органдын;
2) өмүрдү ыктыярдуу камсыздандыруу жана милдеттүү камсыздандыруу түрлөрү боюнча иш жүргүзгөн камсыздандыруу уюмдарынын;
3) топтомо пенсиялык фонддордун.
3-глава. Актуарийлерге коюлуучу квалификациялык талаптар
5. Актуарий төмөнкү талаптарга ылайык келүүгө тийиш:
1) актуардык иш жүргүзүү укугуна Актуарийлердин жана камсыздандыруу брокерлеринин бирдиктүү мамлекеттик реестринде мамлекеттик каттоо номерине (мындан ары - МКН) ээ болууга;
2) Кыргыз Республикасында таанылган жогорку экономикалык же математикалык (техникалык) билими жөнүндө дипломго ээ болууга;
3) кылмыш жасагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарында белгиленген тартипте жоюла элек соттуулугу болбоого.
4-глава. Актуардык ишти жүргүзүүгө коюлуучу талаптар
6. Актуардык кызматтар баа берилүүчү уюм менен актуарийдин ортосунда жазуу жүзүндө түзүлгөн келишимдин негизинде жана ага ылайык көрсөтүлөт.
7. Актуардык эсептөөлөр, баалоо жана талдоо төмөнкү принциптерге негизделет:
1) толуктук;
2) объективдүүлүк;
3) ачык-айкындуулук;
4) көз карандысыздык;
5) негиздүүлүк.
8. Актуардык корутунду төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) актуардык иштин субъекти жөнүндө маалыматты;
2) баа берилүүчү уюм жөнүндө маалыматты;
3) актуардык иштин объекти жөнүндө маалыматты;
4) актуардык корутундунун түзүлгөн күнүн;
5) актуардык баалоо жүргүзүлгөн абалга карата датаны;
6) баа берилүүчү уюм тарабынан берилген маалыматтардын тизмесин;
7) актуардык корутундуда камтылган тыянактардын аныктыгын текшерүүгө мүмкүндүк берүүчү актуардык эсептөөлөрдү жүргүзүү методикасынын сүрөттөлүшүн;
8) актуардык корутундуда камтылган тыянактарды негиздөө үчүн актуардык баалоо жүргүзүүдө колдонулган математикалык моделдер жана статистикалык маалыматтар жөнүндө маалыматты;
9) актуардык баалоо жүргүзүү жөнүндө келишимде актуардык иштин субъектинин алдына коюлган милдетке жоопту, актуардык корутундунун тыянактарын негиздөө үчүн зарыл болгон актуардык эсептөөлөрдүн натыйжаларын;
10) аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча тыянактарды жана сунуштамаларды.
9. Актуардык баалоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча актуарий божомолдорду жана эсептөөдө кетирилген кемчиликтерди, алардын негиздемесин чагылдырган актуардык корутунду чыгарат.
10. Актуардык корутунду ушул Жобонун тиркемесине ылайык форма боюнча кагаз жүзүндө жана/же электрондук документ түрүндө 2 (эки) нускада таризделет. Кагаз жүзүндө түзүлгөн актуардык корутунду беттери боюнча номерленүүгө, тигилүүгө жана актуардык иштин субъекти тарабынан кол коюлууга тийиш.
Актуардык корутундунун бир нускасы актуарийде, экинчи нускасы баа берилүүчү уюмда сакталат.
5-глава. Актуарийдин укуктары жана милдеттери
11. Актуарий төмөнкүлөргө укуктуу:
1) актуардык эсептөөлөрдүн методдорун өз алдынча аныктоого;
2) баа берилүүчү уюмдан документтерге жеткиликтүүлүктү сурап алууга, оозеки жана жазуу жүзүндө түшүндүрмө алууга, ошондой эле актуардык ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон кошумча маалыматтарды алууга;
3) аларды пайдалануу (изилдөө) актуардык эсептөөлөрдү жүргүзүү үчүн зарыл болгон баа берилүүчү уюмдун финансылык отчеттору жана башка документтери менен таанышууга;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык актуардык корутундуну даярдоо үчүн зарыл болгон маселелер боюнча маалыматтарды жана документтерди берүү жөнүндө суроо-талап менен мамлекеттик органдарга жана башка уюмдарга расмий түрдө кайрылууга.
12. Актуарий төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) актуардык кызматтарды көрсөтүүнүн жүрүшүндө алган документтердин сакталышын камсыз кылууга;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан тышкары, актуардык кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө баа берилүүчү уюмдан алган купуя маалыматты, ачыкка чыгарбоого;
3) актуардык эсептөөлөрдү жүргүзүүгө тиешелүү келишимди түзүү үчүн негиз болуучу документтерди баа берилүүчү уюмга көрсөтүүгө, актуардык корутундуну түзүүгө жана/же ушул Жободо каралган башка кызматтарды көрсөтүүгө;
4) зарыл болгон актуардык эсептөөлөрдүн жыйынтыктарын, пайдаланган методикалардын жана актуардык жоромолдордун, тиешелүү негиздөөчү маалыматтардын сүрөттөмөсүн тиркөө менен актуардык корутундуну түзүүгө;
5) түзүлгөн келишимдерди (макулдашууларды), түзүлүүчү актуардык корутундуларды жана өзүнүн иши туурасында башка маалыматтарды өз убагында жана толук эсепке алууга;
6) ар жарым жылдын жыйынтыгы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга даярдалган актуардык корутундулардын саны жана түрү жөнүндө маалыматты берүүгө;
7) актуардык ишке байланыштуу бардык документтерди (документтердин көчүрмөлөрүн) кагаз түрүндө/же электрондук форматта алар алынган жана (же) түзүлгөн жылдан кийин кеминде беш жыл сактоого;
8) коммерциялык сырды жана мыйзам менен корголуучу башка сырды сактоого.
6-глава. Жоопкерчилик
13. Актуарийлер атайылап жалган актуардык корутунду бергендиги же Кыргыз Республикасынын актуардык иш жөнүндө мыйзамдарынын талаптарын башка одоно бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тартат. Атайылап жалган актуардык корутунду деп тобокелдиктерди жана (же) тобокелдиктердин болушу менен шартталган финансылык милдеттенмелерди иш жүзүндө талдоо жана сандык, каржылык баалоо жүргүзбөстөн даярдалган же мындай талдоонун жана баалоонун жыйынтыгы боюнча даярдалган, бирок заказчы жана (же) ишти актуардык баалоонун объекти болуп саналган уюм тарабынан берилген документтердин жана маалыматтын мазмунуна ачык карама-каршы келген актуардык корутунду түшүнүлөт.
14. Актуарийлер ушул Жобонун талаптарын сактоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алар тарабынан жүргүзүлгөн актуардык эсептөөлөрдүн жана корутундулардын тууралыгы жана тактыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
7-глава. Корутунду жоболор
15. Актуарийлердин ишин контролдоону ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырат.
|
| Кыргыз Республикасындагы актуардык иш жөнүндө жобого тиркеме |
Актуардык корутунду
1. Камсыздандыруу уюму жөнүндө маалыматтар:
Толук аталышы: ________________________________________________________________________
_______________________________________________________________________________________
Жайгашкан жери жана банктык реквизиттери: ________________________________________________
_______________________________________________________________________________________
Юридикалык жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө маалымкат же күбөлүк: ____________
_______________________________________________________________________________________
(номери жана берилген датасы)
Камсыздандыруу ишин жүргүзүү укугуна лицензиясы:
_______________________________________________________________________________________
(номери жана берилген датасы)
2. Актуарий жөнүндө маалыматтар:
Фамилиясы ____________________________________________________________________________
Аты __________________________________________________________________________________
Атасынын аты __________________________________________________________________________
Жашаган жери (жайгашкан жери): _________________________________________________________
_______________________________________________________________________________________
камсыздандыруу рыногунда актуардык ишти жүргүзүүгө Бирдиктүү мамлекеттик реестрдеги мамлекеттик
каттоо номеринин номери:
_______________________________________________________________________________________
_______________________________________________________________________________________
(номери жана берилген датасы)
3. Актуардык корутундунун түрү: ____________________________________________________________
4. Актуардык эсептөөлөрдү даярдоонун негизи ________________________________________________
_______________________________________________________________________________________
(келишим, номери жана келишим түзүлгөн дата)
5. Актуардык изилдөөнүн предмети (белгиленген милдеттердин тизмеги) __________________________
_______________________________________________________________________________________
6. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму тарабынан берилген документтердин
(маалыматтардын) тизмеги _______________________________________________________________
_______________________________________________________________________________________
7. Актуарий колдонгон башка материалдар жана маалыматтар (алардын булактары жана/же алынган жери)
_______________________________________________________________________________________
_______________________________________________________________________________________
8. Актуарий колдонгон эсептөөлөрдүн методикасы ____________________________________________
_______________________________________________________________________________________
9. Алынган натыйжалар жана тыянактар _____________________________________________________
_______________________________________________________________________________________
10. Сунуштамалар (болсо) ________________________________________________________________
_______________________________________________________________________________________
11. Актуардык корутундуну даярдоо мөөнөтү жана түзүлгөн жери _______________________________
12. Колу, датасы жана нускалардын саны ____________________________________________________
_______________________________________________________________________________________
13. Тиркеме (кошумча материалдар) ________________________________________________________
_______________________________________________________________________________________