Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХIII шайланышынын)
кезектеги чакырылган III сессиясы
2025-жылдын 27-февралдагы №21
Тогуз-Торо айылдык кенешинин 2025-жылдын 10-январындагы мектеп автобусунун күйүүчү майынын чыгымы жөнүндөгү №8/1 токтомуна өзгөртүү киргизүү
Тогуз-Торо айылдык кеңешине Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн алдындагы Тогуз-Торо муниципалдык ишканасынын жетекчиси Рыскул уулу Алтынбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХIIIшайланышынын) кезексиз чакырылган III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мектеп автобусунун күйүүчү майына болгон чыгымы 1 күнгө кыш мезгилине 15 литр, жай мезгилине 10 литрден бекитилсин.
2. Бул токтомду көзөмөлдөө “регламент, депутаттык этика, жана мандат боюнча жана мыйзамдуулукту, укуктук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура-курулуш, транспорт жана экология” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3.Токтомду каттоодон ѳткѳрүү жана Тогуз-Торо айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялоо жагы айыл ѳкмѳт башчысынын орун басары-жооптуу катчысы У.Арыкмолдоевага тапшырылсын.
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин төрагасы У.Токтожумаев