Загрузка документа…
|
| 4-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-октябрындагы № 650 токтомуна) |
Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарын башкаруу боюнча убактылуу администрация жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарын башкаруу боюнча убактылуу администрация жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан жана камсыздандыруу рыногун жөнгө салуу жана Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу жаатындагы мыйзамдарына ылайык камсыздандыруу ишин көзөмөлдөө боюнча функцияларды жана ыйгарым укуктарды жүргүзүүчү мамлекеттик башкаруу органы (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) тарабынан камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарынын (мындан ары -уюм) убактылуу администрациясын дайындоо, убактылуу администрациянын ишин жүргүзүү жана токтотуу тартибин аныктайт.
2. Ушул Жободо пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр:
1) убактылуу администрация (убактылуу администратор) - ыйгарым укуктуу орган тарабынан мүлктүн сакталышын камсыз кылуу жана камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмун башкарууну камсыз кылуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү үчүн дайындалган жактар (жак);
2) убактылуу администрациянын жетекчиси жана мүчөлөрү - ыйгарым укуктуу орган тарабынан өзүнүн кызматкерлеринин же башка жактардын ичинен убактылуу администрацияны жүргүзүү үчүн дайындалган жак/жактар;
3) каршы аракеттенүү жөнүндө акт - башкаруу органдарынын жана/же уюмдун айрым кызмат адамдарынын/кызматкерлеринин же башка үчүнчү жактардын уюмдун убактылуу администрациясынын ишине каршы аракеттенүү фактысы боюнча түзүлгөн документ.
3. Убактылуу администрация төмөнкү максаттарда киргизилет:
1) активдердин, документтердин жана маалыматтын сакталышын камсыз кылуу үчүн камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмун контролдоо;
2) камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун акционерлеринин, камсыздандыруучуларынын (пайда алуучуларынын) укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылуу.
4. Убактылуу администрация өз ишин аяктагандан кийин Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык негизделген корутундуну берет.
2-глава. Убактылуу администрацияны дайындоо тартиби
5. Убактылуу администрация Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган учурларда дайындалышы мүмкүн.
6. Убактылуу администрация өз милдеттерин аны дайындоо жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин дароо аткарууга киришет жана ыйгарым укуктуу орган тарабынан дайындалган жетекчи тарабынан башкарылат.
Ыйгарым укуктуу органдын убактылуу администрацияны киргизүү жөнүндө чечими белгиленген тартипте уюмдун башкаруу органдарына билдирилет жана аларга кол койдуруу менен тапшырылат. Чечимдерди кол койдуруу менен тапшыруу мүмкүн болбогон учурда убактылуу администрация тиешелүү актыны түзөт жана ыйгарым укуктуу органга кабарлайт.
7. Ыйгарым укуктуу органдын убактылуу администрацияны дайындоо жөнүндө чечиминде төмөнкү маалыматтар көрсөтүлүүгө тийиш:
1) убактылуу администрация киргизилип жаткан камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун аталышы;
2) убактылуу администрацияны киргизүүнүн негиздери жана максаттары;
3) ыйгарым укуктуу органдын убактылуу администрацияны дайындоо жөнүндө тиешелүү чечиминин датасы жана номери;
4) убактылуу администрациянын иштөө мөөнөтү;
5) алардын кызмат орундарын көрсөтүү менен убактылуу администрациянын жетекчисинин жана мүчөлөрүнүн аты-жөнү.
8. Убактылуу администрациянын мүчөлөрүнүн саны ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.
9. Убактылуу администрациянын мүчөлөрү ыйгарым укуктуу органдын 3 жылдан кем эмес иш стажына ээ кызматкерлери жана ыйгарым укуктуу органда иштебеген, бирок камсыздандыруу чөйрөсүндө жетектөөчү кызмат орундарында 5 жылдан кем эмес иш стажы бар адамдар болушу мүмкүн.
Мекеменин же уюмдун түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчисинен төмөн эмес кызмат орду жетектөөчү кызмат орду деп түшүнүлөт.
Убактылуу администрацияны дайындоо жөнүндө чечим ыйгарым укуктуу органдын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнөн берилген, сунушталган талапкерлердин негизинде ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен кабыл алынат.
Ыйгарым укуктуу органдын кызматкеринин убактылуу администрациянын ишине катышуусу анын кызматтык милдеттеринде каралган учурларды кошпогондо, убактылуу администрациянын мүчөлөрү алардын макулдугу менен дайындалат.
Ыйгарым укуктуу органдын кызматкери болуп саналган, убактылуу администрациянын курамына кирген адамдар, бул кызматкердин убактылуу администрациянын ишине катышуусу анын кызматтык милдеттеринде каралган учурларды кошпогондо, убактылуу администрациянын курамында иштеген бүткүл мезгилге негизги иштеген жери боюнча кызматтык милдеттерин аткаруудан бошотулат.
Көрсөтүлгөн мезгилге анын иштеген жери, эмгек акысы жана Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык аныкталуучу башка төлөмдөр сакталат.
10. Убактылуу администрациянын курамына төмөнкүлөр кире албайт:
1) камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун кызматкерлери, анын ичинде камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун, анын филиалдарынын жана туунду камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун жетекчилери, камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун башкаруу органдарына кирген адамдар, ошондой эле башкы бухгалтер, ревизор же ички аудитор;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму менен аффилирленген адамдар;
3) камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун кредиторлору болуп саналган адамдар;
4) камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмуна карызы бар адамдар;
5) акыркы жыл ичинде финансы жаатында административдик укук бузуу жасаган же Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык соттуулугу бар кызмат адамдары;
6) кылмыштык куугунтукка алынган кызмат адамдары.
11. Убактылуу администрациянын жетекчиси убактылуу администрациянын ишин башкарат жана координациялайт, мүлктүн сакталышын камсыз кылуу жана уюмду башкаруу боюнча ыйгарым укуктарды жүргүзөт, убактылуу администрациянын мүчөлөрүнүн ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт.
Убактылуу администрациянын жетекчиси өзүнүн демилгеси боюнча же ыйгарым укуктуу органдын демилгеси боюнча кызмат ордунан бошотулушу мүмкүн.
3-глава. Убактылуу администрациянын ишин жүргүзүү тартиби
12. Убактылуу администрация киргизилген учурдан тартып Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган кесепеттер келип чыгат.
13. Убактылуу администрация ыйгарым укуктуу органдын убактылуу администрацияны дайындоо жөнүндө чечими тапшырылган учурдан тартып төмөнкү иш-аракеттерди аткарат:
1) уюмдун жетекчисинен бардык ачкычтарды, мөөрлөрдү, штамптарды, клишелерди, пломбаларды, уюмду каттоого байланышкан документтерди, уюмга берилген лицензиялардын түп нускаларын, фирмалык бланктарды, маалыматтын электрондук алып жүрүүчүлөрүн, программалык камсыздоону, уюмдун менчиги болуп саналган документ түрүндө чыгарылган баалуу кагаздарды жана башка юридикалык жактарды токтоосуз өткөрүп берүүнү талап кылат жана аларды убактылуу администрация тарабынан белгиленген тартипте жана мөөнөттө кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы боюнча кабыл алат. Уюмдун жетекчилиги тарабынан өткөрүп берүү мүмкүн болбосо, бул тууралуу акт түзүлөт (эки нускада: бири камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму үчүн жана бири ыйгарым укуктуу орган үчүн) жана убактылуу администрация көрсөтүлгөн документтерди жана материалдарды алып коет, бул тууралуу да акт түзүлөт;
2) камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун жетекчилерин Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык убактылуу администрациянын иштөө мезгилине аларды иш жүргүзүүдөн четтетет;
3) бардык акчалай жана башка баалуулуктарды текшерүү менен уюмдун, анын филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн кассасына текшерүү (ревизия) жүргүзөт;
4) камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун Кыргыз Республикасынын банктарындагы эсептеринин бар экендигин аныктайт жана корреспонденттик жана учурдагы эсептердин калдыктарын (анын ичинде чет өлкөлүк банктарда) салыштырат. Уюмдун бухгалтердик эсепке алуу маалыматтары боюнча эсептердин калдыктарын көрсөтүлгөн эсептер ачылган банктардын маалыматтары менен салыштырат жана салыштыруунун жыйынтыгы боюнча тиешелүү актыны түзөт;
5) уюмдун атынан мурда берилген ишеним каттарды жокко чыгарат жана зарыл болгон учурда жаңыларын берет;
6) ыйгарым укуктуу органдын убактылуу администрацияны дайындоо жөнүндө чечиминин көчүрмөсүн уюмдун кардарлары үчүн көрүнөө жерге жайгаштырат;
7) толук материалдык жоопкерчилик тарткан адамдардын чөйрөсүн, анын ичинде бухгалтердик эсепти жүргүзүүнүн жана уюмдун финансылык жана башка отчеттуулугун түзүүнүн автоматташтырылган маалыматтык системасына кирүү мүмкүнчүлүгү бар адамдарды аныктайт;
8) убактылуу администрация дайындалган учурда электрондук түрдө болгон бухгалтердик маалыматты басып чыгарат. Бул маалымат электрондук түрдө жок болсо, көрсөтүлгөн датага карата кагаз түрүндөгү маалымат негиз катары алынат.
14. Убактылуу администрация төмөнкү иш-аракеттерди аткарат:
1) кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы боюнча уюмдун мүлкүн жана документтерин, анын ичинде ушул Жобонун 12-пунктуна ылайык кабыл алынган мүлктү кабыл алат, алардын сакталышын камсыз кылат;
2) уюмду башкаруу боюнча функцияларды жүргүзөт жана уюмдун бардык документтерине кол коет;
3) уюмдун атынан сотторго, анын ичинде эгерде алардын аракети (же аракетсиздиги) камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмуна зыян келтирсе, уюмдун башкаруу органдарынын мүчөлөрүн, башкы бухгалтерди жоопкерчиликке тартуу жөнүндө доо арыздарды берет;
4) уюмдун акционерлерине, кредиторлоруна жана дебиторлоруна ыйгарым укуктуу органдын убактылуу администрацияны дайындоо жөнүндө чечимин билдирет;
5) мүлктү, документтерди жана уюмдун делолорун кабыл алуу-өткөрүп берүү аяктагандан кийин үч жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органга аткарылган иштер жөнүндө отчет берет;
6) зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык уюмдун кызматкерлери менен түзүлгөн эмгек келишимдерин бузат;
7) камсыздандыруу резервдеринин каражаттарын жана милдеттенмелерин, жеке эсептерди, камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) келишимдерин, камсыздандыруу полистерин жана башка негизги документтерди кошкондо, активдерди инвентаризациялоону жүргүзөт жана инвентаризациялоонун жыйынтыгы боюнча акты түзөт;
8) камсыздандыруу агенттериндеги камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) келишимдеринин, уюмдун полистеринин бланктарын жана акчалай каражаттардын калдыктарын алып коет, кийин каражаттарды камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун банктык эсебине тапшырат;
9) уюмдун банктык эсептери бар банктарга ыйгарым укуктуу органдын убактылуу администрацияны дайындоо жөнүндө чечиминин көчүрмөсүн берет;
10) дайындалган учурдан тартып он жумуш күндөн кечиктирбестен банктык эсептер ачылган жердеги банктарга уюмдун атынан документтерге кол коюуга укуктуу кызмат адамдарынын кол тамгаларынын үлгүлөрү бар жаңы карточкаларды берет;
11) милдеттүү камсыздандыруунун түрлөрү боюнча кепилдик төлөмдөр фондуна белгиленген формалар боюнча маалыматтарды берет;
12) уюмга келип түшкөн бардык накталай эмес жана накталай каражаттардын чегерилишин, анын ичинде жайгаштырылган камсыздандыруу резервдеринин жана кирешелеринин, камсыздандыруу сыйлыктарынын жана башка кирешелердин, аванстык төлөмдөрдүн, дебитордук карыздын, үстөк айыптардын, туумдардын жана айып пулдардын, уюмга менчик укугунда таандык болгон баалуу кагаздарды төлөөдөн түшкөн каражаттардын кайтарылышын контролдойт.
15. Убактылуу администрация дайындалган учурдан тартып үч күндүн ичинде уюмдун, анын филиалдарынын, өкүлчүлүктөрүнүн бардык акчалай жана башка баалуулуктарын, ошондой эле так отчеттуулук бланктарын текшерүүнү (ревизия) жүргүзөт.
Ревизия уюмдун бардык түзүмдүк бөлүмдөрүндөгү бардык накталай акчаларды, баалуулуктарды, так отчеттуулук бланктарын текшерүү менен жүргүзүлөт. Ревизиянын жыйынтыгы акт менен таризделет. Ревизиянын жыйынтыгында акча каражаттарынын же баалуулуктардын жетишсиздиги аныкталган учурда бул факт боюнча документтер укук коргоо органдарына берилет.
16. Убактылуу администрация уюмдун жетекчиси жана башкы бухгалтери менен биргеликте иши башталгандан тартып бир айдын ичинде мүлктү инвентаризациялайт.
Инвентаризация жүргүзүү үчүн инвентаризациялык комиссия түзүлөт, анын курамын убактылуу администрациянын жетекчиси бекитет.
Инвентаризация уюмдун жетекчиси ыйгарым укуктуу органдын убактылуу администрацияны дайындоо жөнүндө чечимин тапшырган датадан башталат. Инвентаризацияны жүргүзүү мөөнөттөрү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча убактылуу администрациянын жетекчиси тарабынан аныкталат жана иштин мүнөзүн жана көлөмүн эске алуу менен узартылышы мүмкүн.
Инвентаризация жүргүзүүнүн алдында инвентаризациялык комиссия:
- өзүнчө кире турган жана чыга турган жерлери бар көмөкчү жайларды, жертөлөлөрдү жана мүлктү сактоочу башка жерлерди пломбалайт;
- инвентаризация жүргүзүлө турган мүлктүн кыймылы жөнүндө акыркы кириш жана чыгыш документтеринин реестрин же отчетторун инвентаризация жүргүзүлгөн учурга карай алат.
Инвентаризациянын натыйжалары акты менен таризделет, ага инвентаризациялык комиссиянын мүчөлөрү жана материалдык жактан жооптуу адам кол коёт.
Убактылуу администрация материалдык баалуулуктарды, уюмдун мүлкүн инвентаризациянын (салыштыруунун) натыйжаларын эске алуу менен кабыл алат, ал эми уюмдун жетекчиси жана башкы бухгалтери өткөрүп берет.
17. Убактылуу администрациянын чыгымдары убактылуу администрациянын жетекчиси тарабынан бекитилген чыгымдар сметасына ылайык жүргүзүлөт. Чыгымдар сметасы дайындалган датадан тартып жети календардык күндөн кечиктирилбестен пландалган ар айлык чыгымдарга жараша түзүлөт.
Ыйгарым укуктуу орган убактылуу администрациянын ишин, анын ичинде убактылуу администрациянын чыгымдар сметасында каралган каражаттардын пайдаланылышын контролдойт.
18. Убактылуу администрациянын чыгымдар сметасына ыйгарым укуктуу органдын кызматкери болуп саналган убактылуу администрациянын мүчөлөрүнө эмгек акы төлөө боюнча чыгымдарды кошпогондо, эмгек акы жана убактылуу администрациянын мүчөлөрүнө эмгек акы төлөө фондуна социалдык чегерүүлөр чөйрөсүндөгү мамлекеттик ыйгарым укуктуу органга чегерүүлөр камтылууга тийиш. Убактылуу администрациянын ишинин мөөнөтү узартылган учурда, жаңы чыгымдар сметасы түзүлөт, ал дагы ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылат.
Зарыл болгон учурда сметада убактылуу администрациянын ишинин жүрүшүндө төмөнкү чыгымдардын беренелери да каралышы мүмкүн:
- камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун автотранспортуна кеткен чыгымдар;
- камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун мүлкүн коргоого кеткен чыгымдар;
- байланыш каражаттары боюнча чыгымдар;
- иш сапарлар менен байланышкан чыгымдар;
- жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө боюнча чыгымдар;
- почта жана кеңсе чыгымдары;
- юридикалык кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө боюнча чыгымдар;
- тышкы аудитордун кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө боюнча чыгымдар;
- камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун мүлкүн, анын ичинде кыймылсыз мүлкүн баалоо боюнча кызматтарга акы төлөө;
- башка чыгымдар.
Зарыл болгон учурда убактылуу администрацияда убактылуу администрациянын бекитилген чыгымдар сметасында каралбаган кошумча чыгымдары болсо, аталган чыгымдар убактылуу администратордун өтүнүчү боюнча ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылышы мүмкүн. Ыйгарым укуктуу органдын убактылуу администрациянын кошумча чыгымдарын бекитүү жөнүндө чечимди кабыл алуу мөөнөтү аталган өтүнүч алынган күндөн тартып 10 жумуш күндөн ашпоого тийиш.
19. Убактылуу администрациянын ишине байланыштуу чыгымдарды уюм көтөрөт. Убактылуу администрация өз ишинин мезгилинде убактылуу администрациянын ишин жүзөгө ашыруу үчүн уюмга таандык болгон кызматтык жайларды, байланыш каражаттарын, автомобилдик транспортту жана башка техникалык каражаттарды пайдаланат.
Зарыл болгон учурда убактылуу администрация жана анын өкүлдөрү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген техникалык каражаттарды пайдаланат.
20. Ыйгарым укуктуу орган тарабынан уюмга жоюу комиссиясы дайындалган учурда убактылуу администрациянын иши токтотулат.
Убактылуу администрация бухгалтердик жана башка документтерди, мөөрлөрдү, штамптарды, материалдык жана башка баалуулуктарды жоюу комиссиясынын төрагасына он жумуш күндүн ичинде өткөрүп берет.
Уюмдун документтерин жана мүлкүн убактылуу администрациядан жоюу комиссиясына кабыл алуу-өткөрүп берүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген акт боюнча жүргүзүлөт.
4-глава. Убактылуу администрациянын отчету
21. Ыйгарым укуктуу орган контроль жана көзөмөл функцияларын ишке ашыруу максатында убактылуу администрацияга жазуу жүзүндөгү буйруктарды жөнөтөт, отчеттуулукту берүүнүн формасын, мөөнөттөрүн жана мезгилдүүлүгүн белгилейт жана убактылуу администрациянын ишин текшерүүнү жүзөгө ашырат.
22. Убактылуу администрациянын аткарылган иштер жөнүндө отчету эки нускада (ыйгарым укуктуу орган жана уюм үчүн) түзүлөт, убактылуу администрациянын бардык мүчөлөрү тарабынан кол коюлат, анын жетекчиси тарабынан бекитилет жана уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. Убактылуу администрациянын отчетунун барактары номерленип, тигилип жана уюмдун мөөрү менен бекитилүүгө тийиш.
23. Убактылуу администрациянын отчетунда аткарылган иштер жөнүндө толук маалыматтар, ошондой эле жүргүзүлүп жаткан ишке байланыштуу чыгымдар жөнүндө маалыматтар камтылууга тийиш.
24. Уюмдун убактылуу администрациясынын отчету төмөнкүлөрдү камтышы керек:
1) отчеттун аталышын, датасын жана түзүлгөн жерин;
2) уюмдун реквизиттерин, анын ичинде аракети токтотулган камсыздандыруу ишин жүргүзүүгө лицензиясынын сериясын, номерин жана берилген датасын жана уюмдун ишинин жалпы мүнөздөмөсү;
3) убактылуу администрациянын уюмдун мүлкүнө, уюмдун катышуучуларына (акционерлерине) жана кызматкерлерине санкцияланбаган кирүүнү болтурбоо үчүн көрүлгөн чаралары жөнүндө маалымат;
4) убактылуу администрация тарабынан жүргүзүлгөн башкаруу боюнча чыгымдар (административдик чыгымдар), уюмга келип түшкөн акча каражаттарын кошуп эсептөө жана камсыздандыруу учурлары келип чыккан мурда түзүлгөн камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздандыруучу ордун толтурууларды (камсыздандыруу суммасын) төлөөлөрдү жүргүзүү менен байланышкан чыгымдар операциялары жөнүндө маалымат;
5) ыйгарым укуктуу органдын талабы боюнча же убактылуу администрациянын кароосу боюнча башка маалымат.
25. Убактылуу администрациянын отчетуна төмөнкү документтердин көчүрмөлөрү тиркелет:
1) мурда иштеп турган органдар тарабынан убактылуу администрацияга өткөрүп берилген документтердин тизмеси;
2) убактылуу администрациянын чечимдери;
3) ыйгарым укуктуу органдын талабы боюнча же убактылуу администрациянын кароосу боюнча башка документтер.
26. Уюмдун финансылык отчеттуулугу убактылуу администрация тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген мөөнөттөрдө тиешелүү органдарга берилет.
5-глава. Убактылуу администрациянын ишин жүзөгө ашырууга каршылык көрсөтүү жөнүндө акты
27. Убактылуу администрациянын ишине башкаруу органдары жана/же уюмдун айрым кызмат адамдары жана кызматкерлери тарабынан каршылык көрсөтүлгөн учурда алар ушул Жобонун талаптарын аткарбаса, убактылуу администрация өз ишин токтотуп турууга жана Убактылуу администрациянын ишине каршылык көрсөтүү жөнүндө акт түзүүгө милдеттүү (тиркеме). Убактылуу администрациянын ишин токтотуп туруу мөөнөтү анын белгиленген иштөө мөөнөтүнө кирбейт.
28. Каршылык көрсөтүү жөнүндө акты каршылык көрсөтүү фактысы аныкталган күнү түзүлөт. Ага убактылуу администрациянын бардык мүчөлөрү кол коёт жана ыйгарым укуктуу органга жөнөтүлөт. Эгерде уюмдун өкүлдөрү каршылык көрсөтүү жөнүндө акты менен таанышуудан баш тартса, баш тартуу актынын өзүндө белгиленет.
29. Ыйгарым укуктуу орган каршылык көрсөтүү жөнүндө актыга негизденип, уюмду башкаруу органдары жана/же анын айрым кызматкерлери тарабынан убактылуу администрациянын жүргүзүлүшүнө каршылык көрсөтүү фактылары жөнүндө укук коргоо органдарына арыз менен кайрылууга укуктуу.
6-глава. Убактылуу администрациянын мүчөлөрүн алмаштыруу
30. Ыйгарым укуктуу орган төмөнкү учурларда камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун убактылуу администрациясынын жетекчисин жана (же) мүчөлөрүн алмаштырууга укуктуу:
1) убактылуу администрациянын жетекчиси же мүчөлөрү тарабынан жол берилген Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, ыйгарым укуктуу органдын чечимдеринин/жазма буйруктарынын же келишимдин шарттарынын бузулушун аныктоо;
2) убактылуу администрациянын Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында жана/же ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген милдеттерди аткарбоосу же талаптагыдай эмес аткаруусу, анын ичинде активдердин сакталышын камсыз кылуу, төлөөгө жөндөмдүүлүктү жана финансылык туруктуулукту калыбына келтирүү боюнча чараларды көрбөө;
3) убактылуу администрация менен камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун, анын акционерлеринин, аффилирленген же кызыкдар жактарынын ортосунда кызыкчылыктардын кагылышуусунун болушу, алардын укуктары же мыйзам менен корголуучу кызыкчылыгы убактылуу администрациянын корутундусунун натыйжасында козголушу мүмкүн;
4) ушул Жободо белгиленген отчеттуулукту берүү тартибин сактабоо;
5) ыйгарым укуктарды андан ары аткарууга тоскоолдук кылуучу жагдайлар аныкталганда (анын ичинде оорусу, каза болгондугу, милдеттерди аткаруудан баш тартуусу, ушул Жобонун 8-пунктунун талаптарына ылайык келбегендиги);
6) Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык соттуулугу же жоюла элек соттуулугу болсо.
7-глава. Убактылуу администрациянын ишин токтотуу
31. Убактылуу администрациянын иши төмөнкү учурларда токтотулушу мүмкүн:
1) убактылуу администрацияга жүктөлгөн милдеттерди аткаруу аяктагандан кийин;
2) эгерде убактылуу администрация ыйгарым укуктуу органга убактылуу администрацияга жүктөлгөн максаттарга жана милдеттерге жетүү мүмкүн эместиги жөнүндө негиздүү тыянак берсе;
3) убактылуу администрацияны жүзөгө ашыруунун белгиленген мөөнөтү аяктагандан кийин;
4) ыйгарым укуктуу органдын убактылуу администрациянын ишин токтотуу жөнүндө чечими боюнча;
5) ыйгарым укуктуу орган тарабынан уюмду жоюу комиссиясы дайындалган учурдан тартып.
32. Убактылуу администрациянын иши ыйгарым укуктуу органдын чечими боюнча уюмдун жаңы жетекчилиги дайындалгандан кийин гана токтотулушу мүмкүн, эгерде уюмду башкарууну мурунку жетекчиликке өткөрүп берүү ушул Жобонун 33-пунктунда көрсөтүлгөн негиздер боюнча мүмкүн болбосо.
Ушул пункттун жобосу ыйгарым укуктуу орган тарабынан уюмду жоюу комиссиясы дайындалганда убактылуу администрациянын иши токтотулган учурларга жайылтылбайт. Убактылуу администрация тарабынан жоюу комиссиясына ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү Кыргыз Республикасынын банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
33. Уюмду башкарууну мурунку жетекчиликке өткөрүп берүү төмөнкү негиздер боюнча мүмкүн эмес:
1) уюмдун мурунку жетекчилигине карата кылмыш ишинин же административдик процесстин козголушу;
2) сот тарабынан уюмдун мурунку жетекчилигине карата иштин белгилүү бир түрү менен алектенүү укугунан ажыратуу жөнүндө чечимдин чыгарылышы;
3) уюмдун мурунку жетекчилигинин өз ыйгарым укуктарын алып салышы же ыйгарым укуктарды кабыл алуудан баш тартышы;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда.
8-глава. Корутунду жоболор
34. Бул Жобо менен жөнгө салынбаган маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте чечилет.
|
| Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарын башкаруу боюнча убактылуу администрация жөнүндө жобого тиркеме |
Убактылуу администрациянын ишин жүргүзүүгө каршылык көрсөтүү жөнүндө АКТ ___________________________________________________________________________________ (уюмдун (филиалдын, өкүлчүлүктүн аталышы) ___________________________________________________________________________________ (уюмдун (филиалдын, өкүлчүлүктүн) жайгашкан жери) ___________________________________________________________________________________ (дареги, телефону) ________________________________ (түзүлгөн жери) 20___-жылдын "____" _________________
Биз убактылуу администрациянын мүчөлөрү _________________________________________________
_______________________________________________________________________________________
(убактылуу администрациянын мүчөлөрүнүн аты-жөнү)
тарабынан бул акт уюмдун атынан:
________________________________________________________________________________________
(уюмдун жетекчисинин, кызмат адамынын/кызматкеринин/кызматкерлеринин) аты-жөнү)
убактылуу администрацияны жүргүзүүгө төмөнкүдөй көрүнүштө тоскоолдук кылгандыгы тууралуу түзүлдү:
________________________________________________________________________________________
________________________________________________________________________________________
________________________________________________________________________________________
(уюмдун имаратына киргизбей койду, убактылуу администрациянын
мүчөлөрү сураган уюмдун документтерин бербей койду ж.б.)
Уюмдун кызматкерине/кызматкерлерине убактылуу администрациянын мүчөлөрү тарабынан убактылуу
администрацияны жүргүзүүгө тоскоолдук кылгандыгы үчүн уюмдун жана анын кызмат адамдарынын
жоопкерчилиги жөнүндө эскертилген.
Акт түзүлдү:
__________________________________________ ______________________________
(убактылуу администрациянын мүчөлөрүнүн аты-жөнү) (колу)
Тааныштым: _____________________________________________
(уюмдун кызматкеринин аты-жөнү)
__________________________________________ ______________________________
(кызмат орду) (колу)
Акттын экинчи нускасы алынды:
__________________________________________ ______________________________
(уюмдун кызматкеринин аты-жөнү) (колу)
Уюмдун кызмат адамдары: _______________________________________________________________
_______________________________________________________________________________________
каршылык көрсөтүү жөнүндө актынын мазмуну менен таанышуудан баш тарткан
(уюмдун кызматкеринин/кызматкерлеринин аты-жөнү)
__________________________________________ ______________________________
(убактылуу администрациянын мүчөлөрүнүн аты-жөнү) (колу)