Загрузка документа…
|
| 5-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-октябрындагы № 650 токтомуна) |
Баалоочуларга, камсыздандыруу сюрвейерлерине жана аджастерлерге квалификациялык талаптар жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын аймагында камсыздандыруу чөйрөсүндө иш жүргүзгөн баалоочуларга, камсыздандыруу сюрвейерлерине жана аджастерлерге коюлуучу квалификациялык талаптарды аныктайт.
2. Бул Жобонун максаты камсыздандыруу экспертизасына, тобокелдиктерди жана зыянды баалоого катышкан адистердин кесиптик компетенттүүлүгүн жана ак ниеттүүлүгүн камсыз кылуу болуп саналат.
3. Баалоочулардын, камсыздандыруу сюрвейерлеринин жана аджастерлердин иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
4. Бул Жобонун талаптарына жооп бербеген адамдарга камсыздандыруу чөйрөсүндө баалоочунун, камсыздандыруу сюрвейеринин же аджастердин функцияларын аткарууга жол берилбейт.
2-глава. Баалоочуларга карата квалификациялык талаптар
5. Техникалык, экономикалык же юридикалык жогорку кесиптик билиминин болушу.
6. Кыргыз Республикасынын баалоо иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык баалоо ишин жүргүзүүгө квалификациялык сертификатынын болушу.
7. Камсыздандыруу, баалоо, экспертиза, соттук же техникалык экспертиза чөйрөсүндө бир жылдан кем эмес иш тажрыйбасынын болушу.
8. Кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жоюла элек же алып салынбаган кылмыш жасагандыгы үчүн соттуулугунун жоктугу.
9. Баалоочу өзү акционер, кызматкер же аффилирленген жак болуп саналган компанияларга байланыштуу камсыздандыруу учурларына карата иш жүргүзө албайт.
10. Баалоочу Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын баалоо иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, өзүнүн кесиптик ишинин натыйжасында алган маалыматтарды ачыкка чыгарууга укугу жок.
3-глава. Камсыздандыруу сюрвейерлерине карата квалификациялык талаптар
11. Камсыздандыруу, инженерия, транспорт же экономика чөйрөсүндө жогорку кесиптик билиминин болушу.
12. Камсыздандыруу, техникалык экспертиза, мүлктү жана зыяндарды баалоо чөйрөсүндө 2 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы.
13. Кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жоюла элек же алып салынбаган кылмыш жасагандыгы үчүн соттуулугунун жоктугу.
14. Камсыздандыруу сюрвейери өзү акционер, кызматкер же аффилирленген жак болуп саналган компанияларга байланыштуу камсыздандыруу учурларына карата иш жүргүзө албайт.
15. Камсыздандыруу сюрвейери Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу чөйрөсүндөгү жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, өзүнүн кесиптик ишинин натыйжасында алган маалыматтарды ачыкка чыгарууга укугу жок.
4-глава. Камсыздандыруу аджастерлерине карата квалификациялык талаптар
16. Экономикалык, юридикалык же техникалык жогорку кесиптик билими.
17. Камсыздандыруу, техникалык экспертиза, баалоо чөйрөсүндө же юридикалык чөйрөдө 2 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы.
18. Кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жоюла элек же алып салынбаган кылмыш жасагандыгы үчүн соттуулугунун жоктугу.
19. Аджастер өзү акционер, кызматкер же аффилирленген жак болуп саналган компанияларга байланыштуу камсыздандыруу учурларына карата иш жүргүзө албайт.
20. Аджастер Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу чөйрөсүндөгү жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, өзүнүн кесиптик ишинин натыйжасында алган маалыматтарды ачыкка чыгарууга укугу жок.