Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХIII шайланышынын)
кезектеги чакырылган III сессиясы
2025-жылдын 27-февралдагы №23
Малдын башына алынуучу салыкты бекитүү жөнүндө
Тогуз-Торо айылдык кеңешине Жайыт пайдаланучулар бирикмесинин төргасы Рыскул уулу Алтынбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык кенешинин (ХХIIIшайланышынын) кезексиз чакырылган III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Малдын башына алынуучу салык айылдык кеӊештин көпчүлүк депутаттын колдоосу менен бодо малга жан башына 85сомдон, кой-эчкиге 20сомдон болуп бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын жана чыгымдалуучу акча каражаттарды көзөмөлгө алуу айылдык кенештин “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик,айыл чарба,инвестиция,ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Тилемамбетовго жана айыл өкмөтүнүн алдындагы Тогуз-Торо муниципалдык ишканасынын жетекчиси Рыскул уулу Алтынбекке тапшырылсын.
3.Токтомду каттоодон ѳткѳрүү жана Тогуз-Торо айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялоо жагы айыл ѳкмѳт башчысынын орун басары-жооптуу катчысы У.Арыкмолдоевага тапшырылсын.
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин төрагасы У.Токтожумаев