Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХIII шайланышынын)
кезектеги чакырылган III сессиясы
2025-жылдын 27-февралдагы №24
Казарман айылындагы турак жай куруучу жер тилкелеринин нормасын бектип берүү жөнүндө
Тогуз-Торо айылдык кеңешине Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн турак жай, жайыт маселелери боюнча башкы адиси Сасиев Бейшенбек Акматбековичтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХIIIшайланышынын) кезексиз чакырылган III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 06.05.2005-жылдагы №177 токтому менен бекитилген менчик турак жай куруу үчүн жер участокторун бөлүп берүүнүн тартиби жөнүндө жобонун 5-пунктуна ылайык Казарман айылындагы менчик турак жай куруу үчүн жер тилкелеринин нормасы 0,08 сотых болуп бекитилсин.
2. Бул токтомду көзөмөлдөө “регламент, депутаттык этика, жана мандат боюнча жана мыйзамдуулукту, укуктук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура-курулуш, транспорт жана экология” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3.Токтомду каттоодон ѳткѳрүү жана Тогуз-Торо айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялоо жагы айыл ѳкмѳт башчысынын орун басары-жооптуу катчысы У.Арыкмолдоевага тапшырылсын.
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин төрагасы У.Токтожумаев