Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы
2025-жылдын 22-августундагы №60
«Маркум Кашкатаев Назарбайдын ысымын көчөгө ыйгаруу жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү”, “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндөгү” мыйзамдарына, “Токтогул шаарындагы көчөлөргө, парктарга, мекеме,ишканаларга, окуу жайларга ысым ыйгаруу тартиби жөнүндө” жобонун талаптарына ылайык, Токтогул шаарынын мэри Б.Д.Максутбаевдин 20.08.2025-жылдагы № 01-18/2079 сунушу “Өз алдынча башкаруу, депутаттын компетенциясы, этикасы, мыйзамдуулукту чындоо спорт, жаштар саясаты, арыздар, каттар, боюнча” туруктуу комиссиясынын 20.08.2025-жылы болуп өткон жыйналышында каралган.
Жыйынтыгында, туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жогорудагы туруктуу комиссиянын корутундусуна ылайык, Кара-Суу айылындагы жаңы конушунун түштүк тарабындагы ( аллея жайгашкан) көчөгө Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, маркум Кашкатаев Назарбайдын ысымы ыйгарылсын.
2.Ушул токтомдун 1-пунктунун негизинде:
• атайын формадагы тактайчага көчөнүн атын жаздырып, ар бир үйгө илдирүү, (сөзсүз түрдө мэрия менен макулдашуу аркылуу);
• көчөнүн жолун, арыктарын иретке келтирип, жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштерин жүргүзүп туруу, көчө жарыктандыруусу менен камсыз кылууга көмөктөшүү маркум Н.Кашкатаевдин бадарына, жакындарына тапшырылсын.
3.Токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэрине (Б.Д.Максутбаев) милдеттендирилсин.
4.Аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга (Н.Асанбеков) тапшырылсын.
5.Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
6. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, мамлекеттик реестрге киргизүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) милдеттендирилсин.
7.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
С.Т.Кылданов |