Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 10-октябры № 657
“Кыргыз Республикасынын жашыл каржылоо фонду” ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө
Туруктуу өнүктүрүү, жашыл долбоорлорду колдоо чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун натыйжалуу институттук механизмин түзүү, экологиялык туруктуу жана инновациялык демилгелерге инвестицияларга дем берүү системасын түзүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Бир акциянын номиналдык наркы 100,0 (жүз) сом болгон 1 000,0 (бир миң) даана жөнөкөй энчилүү акцияларды чыгаруу жана төлөө жолу менен 100 000,0 (жүз миң) сом өлчөмүндөгү уставдык капиталында мамлекеттин жүз пайыз катышуусу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте “Кыргыз Республикасынын жашыл каржылоо фонду” ачык акционердик коому (мындан ары – Фонд) түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги белгиленген тартипте:
1) Фонддун уюштуруучусу жана жалгыз акционери болуп чыксын;
2) Фондду Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоону камсыз кылсын;
3) Фонддун уставын жана башкаруу түзүмүн иштеп чыксын жана бекитсин;
4) зарыл болгон учурда кызыкдар мамлекеттик органдарды тартуу менен Фонддун ишин камсыз кылуунун финансылык механизмдерин түзүүгө мамилелердин системасын иштеп чыксын.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы Фондду Бишкек шаарында жайгашкан мамлекеттик имаратка, коммуналдык жана эксплуатациялык чыгымдарды төлөө менен акы төлөп пайдалануу келишиминин шарттарында жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүн карасын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 14-октябрындагы № 78 (3734) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |