ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XVIII СЕССИЯСЫ (V ЧАКЫРЫЛЫШ)
2023-жылдын 30-майы № 130
Ош шаарынын 2022-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча отчетту бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 78-беренесин, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылга кабыл алынган иш-планына ылайык Ош шаарынын 2022-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча отчетту бекитүү жөнүндө Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары М.Исаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2023-жылдын 16-майындагы №7 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Ош шаарынын 2022-жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышынын отчету 1-тиркемеге ылайык, чыгаша бөлүгүнүн аткарылышынын отчету 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Э.Арзиев) жүктөлсүн.
Төрага | С.С.Назылбеков |