Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 30-майы № 131
Ош шаарында коомдук коопсуздукту камсыздоо, жашы жете элек өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу, диний агымдардын жана экстремистик-террористик көз караштагы кыймылдардын терс көрүнүштөрүнө карата көрүлүп жаткан иштери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27, 34, 39 жана 40-беренелерин жетекчиликке алып, Ош шаарында коомдук коопсуздукту камсыздоо, жашы жете элек өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу, диний агымдардын жана экстремистик-террористик көз караштагы кыймылдардын терс көрүнүштөрүнө карата көрүлүп жаткан иштери боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тиешелүү кызматкерлеринин маалыматтарын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2023-жылдын 22-майындагы №8 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1. Ош шаарында коомдук коопсуздукту камсыздоо, жашы жете элек өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу, диний агымдардын жана экстремистик-террористик көз караштагы кыймылдардын терс көрүнүштөрүнө карата көрүлүп жаткан иштер жөнүндөгү маалыматтар эске алынсын.
2. Ош шаарынын мэриясына (Б.Жетигенов) Ош шаардык ички иштер башкармалыгы, Ош шаардык билим берүү башкармалыгы, Ош шаарынын казыяты менен биргеликте заман талабына ылайык ыкмалар менен жаштар жана өспүрүмдөр арасындагы тарбиялык иштерди алып баруу милдеттендирилсин.
3. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынына (Б.Усөнов) жүктөлсүн.
Төрага | С.С.Назылбеков |