Загрузка документа…
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Базар-Коргон шаардык кеңешинин II чакырылышынын
кезекcиз V сессиясы
2025-жылдын 20-февралы №5
«Базар-Коргон шаарынын борборун жана башкы көчөлөрүнүн инфраструктурасын ондоо, көрнөк жарнактарды туура орнотуу үчүн “Дизайн код” боюнча ЖОБОну бекитүүгө макулдук берүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Мамкурулушунун 2024-жылдын 03-декабрындагы №24 протоколдук тапшырмасына ылайык, Базар-Коргон шаарынын мэринин убактылуу милдетин аткаруучу Ө.Мурзаевдин 16.01.2025-жылкы чыгыш №01-17/82 сандуу катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, регламент жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын V-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Базар-Коргон шаарынын борборун жана башкы көчөлөрүнүн инфраструктурасын ондоо, көрнөк жарнактарды туура орнотуу, үйлөрдү жана коммерциялык объектерди долбоор (жумушчу проект) иш кагаздарына ылайык куруу максатында иретке келтирүү үчүн “Дизайн код” боюнча ЖОБОну бекитүүгө макулдук берилсин.
2.Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэринин убактылуу милдетин аткаруучу М.Ө.Мурзаевге жана Базар-Коргон районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын жетекчиси М.А.Сатаровго жүктөлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, регламент жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Жалиловго милдеттендирилсин.
Төрага |
К.К.Анарбеков |