Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 30-майы № 132
Ош шаарынын мүлкүнө сырткы жарнама жана маалымат обьектилерин орнотуунун жана пайдалануунун абалы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27, 34, 39-беренелерин жетекчиликке алып, Ош шаарынын мүлкүнө сырткы жарнама жана маалымат обьектилерин орнотуунун жана пайдалануунун абалы жөнүндө Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы К.Имарованын маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2023-жылдын 19-майындагы №11 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1. Ош шаарынын мүлкүнө сырткы жарнама жана маалымат обьектилерин орнотуунун жана пайдалануунун абалы жөнүндө Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы К.Имарованын маалыматы эске алынсын.
2. Ош шаарынын мэриясы (Б.Ж. Жетигенов):
-Ош шаарынын аймагында П, Г, Т формасындагы эски үлгүдөгү сырткы жарнама жана маалымат обьектилерин жаңыдан орнотууга тыюу салсын;
-Ош шаарынын аймагында сырткы жарнамалардын Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө”, “Жарнама жөнүндө” Мыйзамдарынын талаптарына ылайык даярдалуусун жана жайылтылуусун көзөмөлдөсүн.
3. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Бакир уулу Ш.) жүктөлсүн.
Төрага | С.С.Назылбеков |