Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 30-майы № 133
Ош шаарынын мэриясынын Ош шаарына инвестиция тартуу, тышкы экономикалык байланыштарды түзүү жана ишкерлерге түзүлгөн шарттар боюнча аткарып жаткан иштери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ош шаарынын мэриясынын Ош шаарына инвестиция тартуу, тышкы экономикалык байланыштарды түзүү жана ишкерлерге түзүлгөн шарттар боюнча аткарып жаткан иштери жөнүндө Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары М.Исаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2023-жылдын 17-майындагы №2 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1. Ош шаарынын мэриясынын Ош шаарына инвестиция тартуу, тышкы экономикалык байланыштарды түзүү жана ишкерлерге түзүлгөн шарттар боюнча аткарып жаткан иштери жөнүндө Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары М.Исаевдин маалыматы эске алынсын.
2. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Б.Колдошев) жүктөлсүн.
Төрага | С.С.Назылбеков |