Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХIII шайланышынын)
кезектеги чакырылган III сессиясы
2025-жылдын 27-февралдагы №25
Кош-Булак айылына салына турган спорт зал жөнүндө
Тогуз-Торо айылдык кеңешине Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн турак жай, жайыт маселелери боюнча башкы адиси Сасиев Бейшенбек Акматбековичтин Кош-Булак айылынын элинин жана айыл башчысынын кайрылуу каты боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХIIIшайланышынын) кезексиз чакырылган III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Тогуз-Торо айыл аймагына караштуу Кош-Булак айылына спорт зал куруу үчүн муниципалдык менчиктеги 0,08 сотых жер тилкеси акт менен убактылуу Кош-Булак элинин кайрылуусу боюнча элдин күчү менен курула турган курулушту жүргүзүү үчүн Кош-Булак айылынын тургуну Токтогазы уулу Эрланга өткөрүп берилсин.
2. Элдин күчү менен тургузулган спорт залдын курулушу аяктагандан кийин кабыл алуу актынын негизинде спорт зал толугу менен муниципалдык менчике өткөрүлүп берилсин.
3.Тийиштүү актыларын даярдап, толуктап иш алып баруу жагы жер жана турак жай маселелери боюнча башкы адис Б.Сасиевке тапшырылсын.
4.Бул токтомду көзөмөлдөө “регламент, депутаттык этика, жана мандат боюнча жана мыйзамдуулукту, укуктук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура-курулуш, транспорт жана экология” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
5.Токтомду каттоодон ѳткѳрүү жана Тогуз-Торо айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялоо жагы айыл ѳкмѳт башчысынын орун басары-жооптуу катчысы У.Арыкмолдоевага тапшырылсын.
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин төрагасы У.Токтожумаев