Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу шаардык кеңешинин (сегизинчи чакырылышынын) кезексиз XХIХ сессиясы
2024-жылдын 22-августу № 29/1
Кара-Суу шаардык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 20-августундагы №18 протоколдук чечими жөнүндө
Кара-Суу шаардык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 20-августундагы №18 протоколдук чечимин жана шаар мэриясынын 2024-жылдын 20-августундагы 01-13/1722 сандуу катын угуп жана талкуулап шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Суу шаардык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 20-августундагы №18 протоколдук чечими төмөндөгүдөй толуктоолор жана кошумчалар менен бекитилсин.
2. 2024-жылдын 19-августуна карата 1 380,8 миң сом акча каражаты төмөндөгү иштер үчүн каржылоого уруксат берилсин:
- Кара-Суу шаарындагы “Кара-Суу-автожол” көзөмөлдөп өткөрүү пункттунан өтүп жаткан жарандарга шарт түзүү максатында керектелүүчү жабдыктар менен камсыз кылууга – 1000,0 миң сом;
- Юбилейный кичи шаарчасындагы суюк таштандыларды төгүүчү жайдын үстүн жабуу жана оңдоп түзөө иштерине - 380 800 сом.
3. Шаардык кеңештин 2024-жылдын 1-августундагы №28/7 токтомунун негизинде Ак-Өргө айылына аткарылуучу иштердин үнөм эсебинен Киров жана Ак-Өргө айылдары үчүн мүрзөнүн айланасын тосууга сметага ылайык келтирүүгө 481 582 сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
4. 2024-жылдын 9 айлыгына өткөрүлгөн жалпы тендерлерден үнөм эсебинен жана жергиликтүү бюджетке келип түшүүчү кошумча кирешелердин эсебинен:
-Манас стадионун реконструкциялоого кошумча 10 000,0 миң сом;
-134 мектебинин спорт аянтчасына кошумча 1 293,3 миң сом;
- №66 В.И.Ленин орто мектебинин айланасын тосууга жана жылытуу системасын оңдоп түзөөгө сметанын негизинде;
- №17 Х.Турсунов мектебинин балдардын тамактануусу үчүн контейнерди оңдоп түзөөгө жана музыкалык аппаратура алууга -260,0 миң сом;
- Шаар мэриясынын имаратын оңдоп-түздөө жана алдына брусчатка басууга сметанын негизинде;
- Тельман 2 айылынын А.Арзыматов көчөсүнө таза суу түтүктөрүн тартуу иштерине;
- №3 Мээрим мектепке чейинки билим берүү мекемесинин канализация тутумун жаңылоо иштерине сметанын негизинде.
5. Тельман айылы үчүн каралган каржаттан Тельман айылындагы Бейсанур маркетинен баштап 450 метр аралыкка шебень төшөө жана трубаларын жаңылоо иштерине 200,0 миң сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышы шаар мэриясына, көзөмөлдөө шаардык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
| З.К.Эшмаматов |