Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу шаардык кеңешинин (сегизинчи чакырылышынын) кезексиз XХIХ сессиясы
2024-жылдын 22-августу № 29/2
“Присавай айылындагы кампаны муниципалдык менчикке өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө”
Кара-Суу шаар мэриясынын алдындагы “Агрардык чарба жүргүзүү муниципалдык ишканасынын” сунушун угуп чыгып жана талкуулап шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Суу шаарынын Присавай айылындагы кампаны муниципалдык менчикке өткөрүүгө макулдук берилсин.
2. Тишелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Кара-Суу шаарынын шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан жана “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Кара-Суу филиалынан суралсын.
2. Бул токтомду мыйзам чегинде аткаруу “Агрардык чарба жүргүзүү муниципалдык ишканасы” менен биргеликте шаар мэриясына, көзөмөлдөө шаардык кеңешинин кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай, жер маселелери жана жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
| З.К.Эшмаматов |