Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу шаардык кеңешинин (сегизинчи чакырылышынын) кезексиз XХIХ сессиясы
2024-жылдын 22-августу № 29/4
“Кара-Суу шаарындагы Манас стадионун реконструкциялоо жөнүндө”
Кара-Суу шаар мэриясынын 2024-жылдын 20-августундагы 01-13/1722 сандуу катын угуп жана талкуулап шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Суу шаарындагы Манас стадионун реконструкциялоого каражат карап берүү жагы Ош облустук өнүктүрүү фондуна жана Кара-Суу райондук өнуктүрүү фондуна сунуш кылынсын.
2. Облустук жана райондук өнүктүрүү фондуна долбоорун жана тиешелүү документтерди даярдап тапшыруу жагы Кара-Суу шаар мэриясына жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай, жер маселелери жана жаратылышты коргоо жана экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
| З.К.Эшмаматов |