Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу шаардык кеңешинин (сегизинчи чакырылышынын) кезексиз XХIХ сессиясы
2024-жылдын 22-августу № 29/5
Кара-Суу шаарынын № 1 кварталынын Центральный көчөсүнүн атын өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө» Мыйзамынын жана Кара-Суу шаарынын №1 кварталынын Центральный көчөсүнүн жашоочуларынын арызынын негизинде Кара-Суу шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Суу шаарынын №1 кварталынын Центральный көчөсүнүн атын шаарга көп жылдык үзүрлүү эмгеги сиңген “Шеров Абыхай” көчөсү деп өзгөртүүгө мыйзам чегинде уруксат берилсин:
2. “Шеров Абыхай” көчөсүн таза кармоо, көрктөндүрүү, жашылдандыруу, жакшы абалда кароо жана аты өзгөрүлгөндүгүнө байланыштуу келип чыккан чыгымдарды көтөрүү жагы үй-бүлөсүнүн мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын мыйзам чегинде камсыз кылуу Кара-Суу шаар мэриясына, көзөмөлдөө Кара-Суу шаардык кеңешинин мыйзамдуулук, укук, мандат, тартипти чыңдоо, кеңештин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
| З.К.Эшмаматов |