Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу шаардык кеңешинин (сегизинчи чакырылышынын) кезексиз XХIХ сессиясы
2024-жылдын 22-августу № 29/6
“Бакыт-Нуру муниципалдык мектепке чейинки билим берүү мекемесинин С.Мамашев көчөсүндө филиалын ачууга макулдук берүү жөнүндө”
Бакыт-Нуру муниципалдык мектепке чейинки билим берүү мекемесинин С.Мамашев көчөсүндөгү филиалын ачууга макулдук берүү жөнүндө сунушун карап чыгып жана талкуулап шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Суу шаарындагы С.Мамашев №1 дарегинде Бакыт-Нуру муниципалдык мектепке чейинки билим берүү мекемесинин филиалын ачууга макулдук берилсин.
2. С.Мамашев №1 дарегинде жайгашкан муниципалдык менчик имаратындагы Бакыт-Нуру муниципалдык мектепке чейинки билим берүү мекемесинин филиалындагы ачылып жаткан 3 тайпанын штаттык бирдигин республикалык бюджеттен каржылоо маселеси Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
3. Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңешинин социалдык маданий маселелер, маалымдуулук жаштар жана аялдар саясаты, спорт, илим, билим, саламаттыкты сактоо боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
| З.К.Эшмаматов |