Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу шаардык кеңешинин (тогузунчу чакырылышынын) кезектеги I сессиясы
2024-жылдын 29-ноябры № 1/4
Кара-Суу шаарындагы А.Рахманалиев орто мектебинин спорт аянтчасын мини футбол аянтчасына реконструкциялоо долбоору үчүн жергиликтүү бюджеттен өздүк салым кошуу жөнүндө
Кара-Суу шаар мэриясынын республикалык бюджеттен дем берүүчү грант алуу сунушун угуп жана талкуулап шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Суу шаарындагы А.Рахманалиев орто мектебинин спорт аянтчасын мини футбол аянтчасына реконструкциялоого республикалык бюджеттен алынуучу дем берүүчү грант үчүн 2025-жылдын жергиликтүү бюджети эсебинен 2 243 321 (эки миллион эки жүз кырк үч миң үч жүз жыйырма бир) сом өздүк салым үчүн бөлүнсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышы шаар мэриясына, көзөмөлдөө шаардык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
| Ж.Т.Полотов |