Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу шаардык кеңешинин (тогузунчу чакырылышынын) кезектеги I сессиясы
2024-жылдын 29-ноябры № 1/7
“Манас” стадионун курулуш иштерине республикалык бюджеттен келип түшүүчү трансфертти каржылоого уруксат берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-ноябрындагы №745-т тескемесинин негизинде Кара-Суу шаар мэриясына республикалык бюджеттен келип түшүүчү трансфертти каржылоого уруксат берүү сунушун угуп жана талкуулап шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Суу шаарынын “Манас” стадионунун курулуш иштерин бүткөрүү максатында Кара-Суу шаар мэриясына келип түшүүчү 150 000 000 (бир жүз элүү миллион) сом өлчөмүндөгү максаттуу трансфертти каржылоо үчүн шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин 3111 беренесинин чыгаша бөлүгүнө отургузууга уруксат берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаар мэриясына, көзөмөлдөө шаардык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
| Ж.Т.Полотов |