Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ ДЕНЕ ТАРБИЯ ЖАНА СПОРТ МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ
БУЙРУК
2025-жылдын 15-сентябры № 01-13-247
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинде коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмегин бекитүү жөнүндө
Коррупциянын келип чыгуу тобокелдигин төмөндөтүү максатында, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин 4-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өткөрүп берилген ченем жаратуу ыйгарым укуктарын ишке ашыруу тартиби жөнүндө жобого, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-майындагы № 293 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча айрым чаралар тууралуу” токтомуна ылайык
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинде (мындан ары – Спорт агенттиги) коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилери Спорт агенттигинин Тизмегине ылайык төмөндөгүлөр боюнча туруктуу негизде иш жүргүзсүн:
- орун алган коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу боюнча;
- ишмердиги коррупциялык тобокелдикке дуушар болгон функциялар менен байланышкан кызматкерлердин коррупцияга каршы укуктук аң-сезимин жогорулатуу боюнча.
3. Коррупциянын алдын алуу маселелер боюнча ыйгарым укуктуу:
1) бул буйрук катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде мамлекеттик жана расмий тилдерде “Эркин-Тоо” гезитине жарыяласын;
2) бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде жарыяланган булагын көрсөтүү менен ушул буйруктун көчүрмөсүн эки нускада, мамлекеттик жана расмий тилдерде кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
3) бул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн эки нускада, мамлекеттик жана расмий тилдерде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат иретинде жөнөтсүн.
4. Кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоо жана коррупциянын келип чыгуу тобокелдигин төмөндөтүү максатында Спорт агенттигинин Укуктук камсыздоо жана адам ресурстарын башкаруу башкармалыгы эки жылда бир жолудан көп эмес мамлекеттик кызматчыларды ротациялоонун планын түзсүн.
5. Документтер менен камсыз кылуу жана аткарылышты көзөмөлдөө бөлүмү бул буйрукту түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилерине тааныштырсын.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
7. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Директор |
| А.Т. Абдымомунов
|