Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 27-декабры № 110
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2012-жылдын 18-декабрындагы №52 токтому менен бекитилген “Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоо жөнүндө”, “Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоо боюнча шаардык Кеңештин комиссиясы жөнүндө” Жоболорго жана депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоо боюнча Ош шаардык Кеңешинин комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө” мыйзамынын 17-беренесине ылайык, Депутаттардын Ош шаардык Кеңеши Ош шаардык Кеңеши болуп өзгөргөндүгүнө жана Ош шаардык Кеңешинин бешинчи чакырылышына шайлоолор өтүп, шаардык Кеңештин депутаттарынын курамы өзгөргөндүгүнө байланыштуу, Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2022-жылдын 13-декабрындагы отурумунун №16 протоколун эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1. Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2012-жылдын 18-декабрындагы №52 токтомунун менен бекитилген №1 тиркемедеги “Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоо жөнүндө” Жобонун, №2 тиркемедеги “Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоо боюнча депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин комиссиясы жөнүндө” Жобонун тексттеринин бардык жеринде “Депутаттардын Ош шаардык Кеңеши” деген ар кандай жөндөмөдөгү сөздөр “Ош шаардык Кеңеши” деп тиешелүү жөңдөмөлөрдө окулсун;
-№1 тиркемедеги “Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоо жөнүндө” Жобонун 2.3 пунктундагы “бир айдан” деген сөздөр “он жумушчу күндөн” деген сөздөргө, 3.1 пунктундагы “15” деген цифра “5 жумушчу күндүн” деген сөздөргө алмаштырылсын;
2. Аталган токтомдун №3 тиркемеси өзгөртүлүп, төмөндөгүдөй редакцияда окулсун:
“Ош шаардык Кеңешинин
2012-жылдын 18-декабрындагы
кезектеги V сессиясынын №52
токтомуна №3 тиркеме
Ош шаардык Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоо
боюнча Ош шаардык Кеңешинин комиссиясынын курамы
1. Назылбеков Салман Сатыгулович – Ош шаардык Кеңешинин төрагасы,
комиссиянын төрагасы
2. Абдыраимов Ильяс Эшмамбетович – Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси, комиссиянын төргасынын орун басары
3. Исаева Чынара Самидиновна - Ош шаардык Кеңешинин башкы адиси, комиссиянын катчысы
Комиссиянын мүчөлөрү:
4. Нуранов Шайырбек Шермаматович - “Биздин Кыргызстан” депутаттык фракциясынын мүчөсү, Ош шаардык Кеңешинин төргасынын орун басары
5. Баетов Болотбек Талайбекович - “Ата-Журт Кыргызстан” депутаттык фракциясынын мүчөсү, Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы
6. Арзиев Эсенбек Маматкаримович -“Бир Бол” депутаттык фракциясынын башчысы, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы
7. Абдуллаев Данияр Аманович -“Улуттар Биримдиги” депутаттык фракциясынын башчысы.”
3. Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоодон өткөрүлсүн (Р.Кулов) жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын (Ч.Абдиев).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси И.Абдыраимовго жүктөлсүн.
Төрага | С.С.Назылбеков |