Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу шаардык кеңешинин (сегизинчи чакырылышынын) кезектеги II сессиясы
2024-жылдын 12-декабры № 2/3
“Кара-Суу шаарынын Ардактуу Атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө”
Кара-Суу шаарынын №4 кварталдык комитетинин жашоочуларынын сунуш катынын негизинде Кара-Суу шаарынын тургуну Толубаева Ширин Ражаповнага “Кара-Суу шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу маселесин карап жана талкуулап шаардык кеңеш
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Кара-Суу шаарынын тургуну, көп жылдар бою мамлекеттик жооптуу кызматтарды аркалап райондун жана шаардын өнүгүшүнө өз салымын кошуп келген Толубаева Ширин Ражаповнага “Кара-Суу шаарынын Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. “Кара-Суу шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча күбөлүк жана төш белгисин даярдап тапшыруу шаар мэриясына жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кара-Суу шаар мэриясына, көзөмөлдөө Кара-Суу шаардык кеңешинин тийиштүү туруктуу комиссияларына милдеттендирилсин.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
| Ж.Т.Полотов |