Редакцияот 16.04.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

                                                                                                         

Момбеков айыл аймагынын Момбеков айылдык кеңешинин

ХХIХ-чакырылышынын 7-сессиясы

  

 

2025-жылдын 16-апрелиндеги  №1 

 

Момбеков айыл өкмөтүнүн таза-суу, эгин суу жана жайыт комитеттеринин мүлктөрүн айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн

« Ак-Жол Момбеков » муниципалдык ишканасына

өткөрүп берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндөгү 2024-жыл 7-февраль № 52 Токтомунун негизинде Момбеков айыл өкмөтүнүн таза-суу, эгин суу жана жайыт комитеттеринин мүлктөрүн айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн

 « Ак-Жол Момбеков » муниципалдык ишканасына өткөрүп берүү жөнүндөгү Момбеков айылдык кеңешинин ХХIХ-чакырылышынын кезексиз 7-сессиясы

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1.     Момбеков айыл өкмөтүнүн балансындагы мүлктөрдү «Ак-Жол

Момбеков» муниципалдык ишканасынын балансына өткөрүп берүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн комиссия курамын түзүү жөнүндөгү

2025-жыл 11-апрель   № 58 буйругу  бекитилсин.

 

2.    Кыргыз Республикасынын өз алдынча башкаруусунун аткаруу

органдарынын ишин уюштуруу жөнүндөгү 2024-жыл 7-февраль № 52 Токтомунун негизинде Момбеков айыл өкмөтүнүн Таза-Суу, Эгин суу жана Жайыт комитеттеринин мүлктөрүн « Ак-Жол Момбеков » муниципалдык ишканасына өткөрүп берүү жөнүндөгү 2025-жыл

11-апрелдеги кабыл алуу жана өткөрүп берүү актысы бекитилсин.

 

3.    Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун

басары З.Тиллабаевке жана «Ак-Жол Момбеков» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Т.Сатмбаевке милдеттендирилсин.

 

 

 

 

 

 

4.    Токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык жана

агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага : Абдыразак уулу И