Загрузка документа…
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин 2025-жылдын 15 - сентябрындагы № 01-13-247 буйругуна) тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинде коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын ТИЗМЕГИ
№ | Мамлекеттик органдын/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын функциясы (ыйгарым укуктары) | Коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлар жана кырдаалдар | Коррупциялык тобокелдиктин категориясы: системдүү (реалдуу), потенциалдуу, кырдаалдык | Коррупциялык тобокелдиктин деңгээли (төмөн, орто, жогорку) | Түзүмдүк бөлүмдүн (борбордук аппаратынын, аймактык же ведомстволук бөлүмдүн, мекеменин аталышы) | Коррупциялык тобокелдикке кабылган кызмат орундар | Башка мамлекеттик органдарда/ жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык тобокелдиктин пайда болушу мүмкүнбү (мүмкүн болсо, кайсы экенин көрсөтүңүз) |
| |||||||
1 | Спортто допинг препараттарын колдонууга каршы көзөмөл | Алар терапиялык колдонууга уруксаттын негизинде колдонулган учурларды кошпогондо спортсмендердин спортто тыюу салынган субстанцияларды жана методдорду колдонуусун болтурбоо жана чектөө боюнча чараларды өз убагында кабыл албагандык | Кырдаалдык | Төмөн | КР МК караштуу Спорт агенттигинин алдындагы “Улуттук антидопинг борбору” допингге каршы күрөшүү дирекция | КР МК караштуу Спорт агенттигинин алдындагы “Улуттук антидопинг борбору” допингге каршы күрөшүү дирекциясынын директору | Бул тобокелдик бир ыйгарым укуктуу органдын ишмердигине тиешелүү |
| |||||||
2 | Белгиленген тартипте спорттун түрлөрү боюнча окуу-машыгуу жыйындарын уюштурат жана өткөрөт | Спортчулардын саны азыраак жана күндөрдүн саны азыраак болгондо окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүү чыгымдарын жогорулатуу мүмкүнчүлүгү | Потенциалдуу | Орто | Спорт агенттигинин карамагында турган мекемелердин жетекчилери | Директорлор Методисттер Машыктыруучулар | Бул тобокелдик бир ыйгарым укуктуу органдын ишмердигине тиешелүү |
3 | Ведомстволук мекемелердин финансылык каражаттарын бөлүштүрүү боюнча сунуштарды түзүү | Кызмат абалын өзү же үчүнчү жактар үчүн пайда алуу максатында мыйзамсыз пайдалануу, же болбосо мындай пайданы көрсөтүлгөн адамга, башка жеке адамдарга мыйзамсыз берүү. Олуттуу финансылык каражаттарды бөлүштүрүү менен байланышкан ыйгарым укуктардын болушу. | Системдүү | Жогорку | Финансалык пландоо жана мамлекеттик сатып алуулар бөлүмү
| Бөлүмдүн башчысы
| Бул тобокелдик бир ыйгарым укуктуу органдын ишмердигине тиешелүү |
4 | Бюджеттик жана бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен дене тарбия жана спорт чөйрөсүнүн материалдык-техникалык базасын өнүктүрөт | Аффилиацияланган подрядчылар менен келишимдерди түзүү. Сатып алынуучу жабдуулардын же жумуштардын баасын ашыкча баалоо | Системдүү | Жогорку | Финансалык пландоо жана мамлекеттик сатып алуу бөлүмү
Спорт агенттигинин карамагында турган мекемелердин жетекчилери | Бөлүмдүн башчысы; Жетектөөчү адис.
Директорлор Мамлекеттик сатып алуу боюнча адистер | Бул тобокелдик бир ыйгарым укуктуу органдын ишмердигине тиешелүү |
5 | Дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү кадрдык саясатты ишке ашырат
| Мамлекеттик жарандык кызматтын кадрлар резервин түзүү жана кадрлар резервинде турган адамдардын ичинен мамлекеттик жана жарандык кызмат орундарын дайындоого сунуштоо. Сыйлоого сунуштарды (материалдарды) кароо, кызматкерлерди сыйлоо жана сыйлоо жөнүндө жетекчиликке сунуштарды киргизүү | Кырдаалдык | Орто | Укуктук камсыздоо жана адам ресурстарын башкаруу башкармалыгы | Башкармалыктын начальниги; Башкы адиси; Жетектөөчү адиси; Адис. | Бул тобокелдик бир ыйгарым укуктуу органдын ишмердигине тиешелүү |
6 | Дене тарбия жана спорт маселелери боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу үчүн программаларды, долбоорлорду финансылык колдоо, ошондой эле мамлекеттик заказды жүзөгө ашыруу үчүн инвестицияларды жана гранттарды тартат | Түздөн-түз байланышта сүйлөшүү мүмкүндүгү, ошондой эле дене тарбия жана спорт маселелери боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу үчүн мамлекеттик тапшырыкты аткарууда финансы каражаттарын максатсыз пайдалануу | Кырдаалдык | Орто | Эл аралык кызматташтык жана инвестциялар бөлүмү | Бөлүмдүн башчысы; Башкы адиси; Жетектөөчү адис. | Бул тобокелдик бир ыйгарым укуктуу органдын ишмердигине тиешелүү |
| |||||||
| |||||||
| |||||||
| |||||||
| |||||||
|
| ||||||
| |||||||
7 | Белгиленген тартипте мамлекеттик, муниципалдык спорттук мектептерге олимпиадалык резерв статусун ыйгарат | Документтерди кароону жана чечимдерди даярдоону “тездетүү” же “кечеңдетүү” мүмкүндүгү | Кырдаалдык | Төмөн | Региондордо дене тарбияны, инфраструктураны жана массалык спортту өнүктүрүү башкармалыгы | Башкармалыктын начальниги; Башкы адис.
| Бул тобокелдик бир ыйгарым укуктуу органдын ишмердигине тиешелүү |
8 | Белгиленген тартипте “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу”, “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спорт чебери” наамдарын ыйгарат жана ажыратат | Документтерди кароону жана чечимдерди даярдоону “тездетүү” же “кечеңдетүү” мүмкүндүгү | Потенциалдуу | Төмөн | Спорттун жогорку жетишкендиктерин талдоо жана өнүктүрүү бөлүмү | Бөлүмдүн башчысы; Башкы адис; Жетектөөчү адис; Адис
| Бул тобокелдик бир ыйгарым укуктуу органдын ишмердигине тиешелүү |
9 | Белгиленген тартипте “Улуттук даражадагы калыс”, “Кыргыз Республикасынын спорт чебери”, “Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери” наамдарын ыйгарат жана ажыратат | Арыз ээси менен түздөн-түз байланышта сүйлөшүп алуу мүмкүндүгү;
Документтерди карап чыгууну жана чечим даярдоону “тездетүү” же “кечеңдетүү” мүмкүндүгү | Потенциалдуу | Төмөн | Спорттун жогорку жетишкендиктерин талдоо жана өнүктүрүү бөлүмү
Региондордо дене тарбияны, инфраструктураны жана массалык спортту өнүктүрүү башкармалыгы | Бөлүмдүн башчысы; Башкы адис Жетектөөчү адис; Адис.
Спорттун түрлөрү боюнча дирекциялар Башкармалыктын начальниги; Жетектөөчү адис.
| Бул тобокелдик бир ыйгарым укуктуу органдын ишмердигине тиешелүү |
10 | Белгиленген тартипте уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан, кесиптик педагогикалык жана окутуу-машыктыруу ишин жүргүзгөн адамдардын каттоо эсебин жүргүзөт | Документтерди карап чыгууну жана чечим даярдоону “тездетүү” же “кечеңдетүү” мүмкүндүгү | Потенциалдуу | Төмөн | Региондордо дене тарбияны, инфраструктураны жана массалык спортту өнүктүрүү башкармалыгы | Башкармалыктын начальниги; Жетектөөчү адис.
| Бул тобокелдик бир ыйгарым укуктуу органдын ишмердигине тиешелүү |
11 | Мыйзамдарга ылайык республикалык дене тарбия-ден соолукту чыңдоочу, спорттук иш-чаралардын, эл аралык мелдештердин жана окутуучу-машыгуучу жыйындардын Бирдиктүү календардык планын иштеп чыгат жана бекитет | Жеке кызыкчылык боюнча иш-чараларды киргизүү же жок кылуу. Иш-чараларга каржылоону бөлүштүрүүдө макулдашуу. Сыйлык үчүн айрым уюштуруучуларга артыкчылыктарды берүү | Системдүү | Орто | Спорттун жогорку жетишкендиктерин талдоо жана өнүктүрүү бөлүмү
Региондордо дене тарбияны, инфраструктураны жана массалык спортту өнүктүрүү башкармалыгы | Бөлүмдүн башчысы
Башкармалыктын начальниги | Бул тобокелдик бир ыйгарым укуктуу органдын ишмердигине тиешелүү |