Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу шаардык кеңешинин (сегизинчи чакырылышынын) кезектеги II сессиясы
2024-жылдын 12-декабры № 2/4
“Кара-Суу шаарындагы Шейх Алоуддин Мансур мечитинин
2/1 бөлүгүнө медресе ачууга уруксат берүү жөнүндө”
Кара-Суу шаарынын Кара-Суу шаарынын М.Рахимов көчөсүнүн №2 дарегиндеги Шейх Алоуддин Мансур мечитинин жер участогунун 2/1 бөлүгүндөгү имаратка медресе ачууга уруксат берүү боюнча маселени угуп жана талкуулап шаардык кеңеш
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Кара-Суу шаарынын М.Рахимов көчөсүнүн №2 дарегиндеги Шейх Алоуддин Мансур мечитинин жер участогунун 2/1 бөлүгүндөгү имаратка медресе ачууга уруксат берилсин.
2. Медресе ачууга керектүү иш кагаздарын даярдоо үчүн тиешелүү тараптар менен иш алып барылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кара-Суу шаар мэриясына, көзөмөлдөө Кара-Суу шаардык кеңешинин тийиштүү туруктуу комиссияларына милдеттендирилсин.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
| Ж.Т.Полотов |