Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 30-майы №134
“Ош шаарынын мэриясынын борбордук базар дирекциясы”жана “Жапалак унаа базары” муниципалдык ишканаларынын жыйымдарынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ош шаарынын мэриясынын бөлүм башчысы Т.Кайымовдун “Ош шаарынын мэриясынын борбордук базар дирекциясы” жана “Жапалак унаа базары” муниципалдык ишканаларынын жыйымдарынын өлчөмүн бекитүү боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2023-жылдын 16-майындагы №8 чечимин эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1. “Ош шаарынын мэриясынын борбордук базар дирекциясы” муниципалдык ишканасынын жыйымдарынын өлчөмү ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык бекитилсин.
2. “Жапалак унаа базары” муниципалдык ишканасынын жыйымдарынын өлчөмү ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык бекитилсин.
3. Ош шаардык Кеңешинин 2013-жылдын 4-июлундагы №116 “Ош шаарындагы «Жапалак автоунаа базары» муниципалдык ишканасынын бир жолку жыйымдарынын убактылуу прейскурантын бекитүү жөнүндөгү” токтому жана Ош шаардык Кеңешинин 2016-жылдын 10-февралындагы №322 “«Жапалак унаа базары» муниципалдык ишканасына жекшемби күндөрү кирүүчү жеңил унаалардан алынуучу жыйымдын баасын жогорулатуу жөнүндөгү” токтомунун 1-пункту күчүн жоготту деп табылсын.
4. Ош шаарынын мэриясына (Б.Жетигенов) “Жапалак унаа базары” муниципалдык ишканасынын жыйымдарын кабыл алууну накталай эмес формада жүргүзүү боюнча тиешелүү иштерди камсыз кылуу жагы тапшырылсын.
5.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Э.Арзиев) жүктөлсүн.
Төрага | С.С.Назылбеков |
Ош шаардык Кеңешинин
2023-жылдын 30-майындагы
кезектеги XVIII сессиясынын
№134 токтомунун 1-тиркемеси
“Ош шаарынын мэриясынын борбордук базар дирекциясы”
муниципалдык ишканасынын жыйымдарынын өлчөмү
(кошумча нарк жана сатуудан алынуучу салыктарын кошкондо)
№ | Жыйымдардын аталышы | Баасы, сом |
1. | Соода жүргүзүү үчүн убактылуу соода орундарын берүүгө (бир соода орун үчүн)
| 20,0 |
2. | Ларёктон, чатырдан, прилавкадан (колдо жасалган столдор) соода жүргүзүү үчүн соода аянтын берүүгө (бир чарчы метр үчүн) | 20,0 |
3. | Контейнерден соода жүргүзүү үчүн соода аянтын бөлүп берүүгө (бир чарчы метр үчүн) | 20,0 |
4. | Базардын аймагына унаа каражаттарынын кирүүсү үчүн: |
|
| - жүк ташуучу транспорт (жүк көтөргүчтүгү 5 тоннадан ашкан) | 50,0 |
| - жеңил унаалар | 20,0 |
| - жеңил жүк ташуучу унаа (моторолер тибиндеги) | 10,0 |
| - жүк ташуучу араба | 5,0 |
5. | Аныктамаларды жана сатып алуу актыларды берүү | 5,0 |
6. | Сатуучулар менен келишимдерди түзүү (бир жылга) | 300,0 |
7. | Коммерциялык объекттерден (магазиндер, коомдук тамактануучу жайлар, чач алуучу жайлардан ж.б. соода түйүндөрүнөн) таштандыларды ташып чыгарууга (бир айга 1 м3) | 350,0 |
8. | Соода түйүндөрдөн (контейнер, ларёк, чатырлар, прилавкалар) таштандыларды ташып чыгарууга (бир айга) | 100,0 |
Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси |
| И.Э. Абдыраимов |
Ош шаардык Кеңешинин
2023-жылдын 30-майындагы
кезектеги XVIII сессиясынын
№134 токтомунун 2-тиркемеси
“Жапалак унаа базары”
муниципалдык ишканасынын жыйымдарынын өлчөмү
(кошумча нарк жана сатуудан алынуучу салыктарын кошкондо)
(сом менен)
№ | Жыйымдардын аталышы | Дүйшөмбү-жума күндөрү | Ишемби күнү | Жекшемби күнү |
1. | Базардын аймагына унаа каражаттарынын кирүүсү үчүн (бир жолку): |
|
|
|
| - жүк көтөргүчтүгү 10 тоннадан ашкан жүк ташуучу унаа каражаттарга | 30,0 | 200,0 | 250,0 |
| - жүк көтөргүчтүгү 5 тоннадан жогору жана 10 тоннага чейин жүк ташуучу унаа каражаттарга | 30,0 | 150,0 | 200,0 |
| - жүк көтөргүчтүгү 5 тоннага чейин жүк ташуучу унаа каражаттарга | 30,0 | 150,0 | 200,0 |
| - кичи автобустарга | 30,0 | 150,0 | 200,0 |
| - жеңил унааларга | 30,0 | 150,0 | 200,0 |
2. | Чатырдын астында турган унааларга (бир жумага) | 700 сом, анын ичинен 300 сому чатырлардын ээлерине, 400 сому “Жапалак унаа базары” муниципалдык ишканасына төлөнөт | ||
3. | Унаа каражаттарын токтотуучу жайга токтотуу (бир күнгө) | 30,0 | ||
4. | Чарбалык субъекттерге жер тилкени ижарага берүү (бир айга 1 м2) | 50,0 | ||
5. | Соода жүргүзүү үчүн убактылуу соода орундарын берүүгө (соода кылган күнгө) | 50,0 | ||
6. | Аныктамаларды берүү | 50,0 | ||
Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси |
| И.Э. Абдыраимов |