Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Момбеков айыл аймагынын Момбеков айылдык кеңешинин
ХХIХ-чакырылышынын 7-сессиясы
2025-жылдын 2-апрелиндеги №1
« Участкалык шайлоо комиссияларынын
резевдерин бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана рефеоендум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү Мыйзамынын жана 2021-жылдын 27-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” № 123 Мыйзамынын талаптарына ылайык күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап Момбеков айылдык кеңешинин ХХIХ-чакырылышынын кезексиз 7-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Момбеков айыл аймагындагы № 2194-Коммунизм, № 21965-Кыла,
№ 2196-Чек, № 2388-Бостон, № 2389-Жазгак, № 2453-Курулуш участкалык шайлоо комиссияларынын резервине жер жерлерде жамааттар тарабынан сунушталгоан сапаттык курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Участкалык шайлоо комиссиясынын курамы боюнча толук
маалымат Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын атайын өкүлүнө жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн
орун басары - жооптуу катчысына милдеттендирилсин
Төрага: Абдыразак уулу И