Загрузка документа…
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Базар-Коргон шаардык кеңешинин II чакырылышынын
XI сессиясы
2025-жылдын 12-августу №1
«Базар-Коргон шаарынын мэриясынын 2025-жылга карата бекитилген бюджетинин аткарылышы боюнча 6 айлык отчётун бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 78-, 117-беренесин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123-мыйзамынын 34-беренесин аткарууга алуу менен, Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын XI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Базар-Коргон шаарынын мэриясынын 2025-жылдагы бюджетинин аткаруусу боюнча 6 айлык отчёту канааттандырарлык деп табылсын.
2.Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэри Н.К.Мамбеталиевге жана мэриянын финансы-экономика бөлүмүнүн жетекчиси Ж.Рахмоналиевге жүктөлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Г.Базаркуловага милдеттендирилсин.
Төрага |
К.К.Анарбеков |